Мамлекеттик сатып алуулар кайсы учурда сынаксыз өткөрүлөт?

Фото: kloop.kg

Precedent Info нун редакциясына Чынара Исраилова Хариехузен «Сатып алуулардын суммасы 1 миллион сомго жетпесе анда мамлекеттик сатып алууларды сынаксыз өткөрсө болобу?» деген суроосу менен кайрылды.

Биздин жооп:

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан сатып алуулар төмөнкү ыкмалар менен жүргүзүлөт.

1) бир этаптуу;

2) эки этаптуу;

3) жөнөкөйлөтүлгөн;

4) бааны төмөндөтүү үчүн;

5) келишимге тикелей кол кою.

Алгачкы 4 ыкма менен мамлекеттик сатып алуулар сынак өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. Акыркы 5- ыкма менен сынак өткөрүлбөйт. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн мекеме, алгач, бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин гана сатып алуулар боюнча келишимге кол коюп анан керектүү буюмду сатып алат. Тикелей келишимге кол коюп сатып алууну жүргүзүүдө  камсыздоочу тарап(поставщик,подрядчик) мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

Келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алуулар:

1) бааларды жана техникалык адистешмелерди сактоо менен жүргүзүлгөн конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 15 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алууну ишке ашырганда;

2) мурда башталган жумуштарды кеңейтүүгө же болбосо алардын көлөмүнүн чоңоюшуна байланышкан конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 25 пайызынан ашпаган кошумча курулуш жумуштары же кызмат көрсөтүүлөрү ишке ашырылганда, ал эми ошол эле берүүчүнү (подрядчыны) ишке тартуу мурда аткарылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата натыйжалардын үнөмдүүлүгүн жана шайкештигин камсыз кылганда;

3) жылына бир жолу, чыгымдардын ар бир беренеси боюнча, минималдуу босоголук суммага чейинки өлчөмдө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, сатып алганда;

4) жазыктык-аткаруу тутумундагы (пенитенциардык) ишканалардан жана мекемелерден товарларды сатып алганда;

5) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алардын өндүрүүчүлөрүнөн же бул товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата интеллектуалдык же айрыкча укуктарга ээ болгон конкреттүү берүүчүдөн сатып алганда жана сатып алуунун бөлөк усулун колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогондо;

51) искусство жана маданият жагындагы чыгармачылык долбоорду же болбосо чыгармачылык иш-аракет үчүн сатып алууларды жүзөгө ашырууга;

6) форс-мажордук жагдайлардын токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу кесепеттерин локалдаштыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;

7) жүргүзүлгөн конкурстар өткөн жок деп таанылганда жана конкурстук документациянын кайра каралган талаптарын эсепке алуу менен конкурсту кайрадан өткөрүү келишим түзүүгө алып келбегенде;

8) сатып алуучу уюм алдын ала билбеген жагдайларга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатып алууну жүргүзүүгө шашылыш зарылдык келип чыкканда, көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болгон күндөн тартып бир айдын ичинде милдеттүү түрдө конкурс өткөрүү шарты менен;

9) мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду же референдумдарды өткөргөндө;

10) чет мамлекеттин аймагында өзүнүн иш-аракетин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;

11) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин иш-аракетин камсыз кылуу, анын ичинде аталган жактардын катышуусу менен жүргүзүлүүчү иш-чараларды камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда, ошондой эле мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламент спикерлеринин, тышкы саясый ведомство жетекчилеринин, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле аларга теңдештирилген жактардын деңгээлиндеги чет өлкөлүк делегациялардын визиттерин камсыз кылууга байланышкан (турмуш-тирликтик, мейманканалык, транспорттук тейлөө, компьютердик жабдууларды пайдалануу, санитардык-эпидемиологиялык жайлуулук, коопсуз тамактандыруу) сатып алууларды жүргүзгөндө.

12) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир жыл ичинде бир миллион сомго чейин сатып алганда.

Чинара Хариехузен айымдын суроосуна жооп берип жатып жогоруда көрсөтүлгөн тизменин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик мекемелер 1 миллион сомго чейинки суммага сатып алууларды сынагы жок ишке ашырса болот. Эгерде алардын бюджетинде ушуга тиешелүү чыгашалар статьясы каралган болсо. Ошондой эле, ошол жыл ичинде ушул статья боюнча тикелей келишим түзүү ыкмасы менен эч нерсе сатылып алынбаган болсо.

Ой-пикир кошуу

кирүү