Премьер-Министрди камашканы менен прокурорлордун аӊ сезими өзгөрбөптүр, бул кооптончу жагдай

Макаланы жазган: Нурбек Токтакунов

Бүгүн Октябрь райондук сотунда Туӊгишбаевдин иши боюнча каралып жаткан отурумга Туӊгишбаевдин өзүн сотко алып келишпегени маалым болду.

Жактоочу тарап Туӊгишбаевтин өзү катышмайын сот отуруму болушу мүмкүн эмес экендиги боюнча өтүнүч келтирди. Судья Башкы прокуратуранын өкүлүнөн жактоочунун өтүнүчү боюнча оюн сураганда анын жообу көп нерсени ойлондуруп койду.

Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук кызматташуулар бөлүмүнүн прокурору Назарбек Кенжеев «Бүгүнкү отурумда башкы прокуратура чыгарган токтом каралып жаткандыктан сотко Туӊгишбаевтин өзүн алып келүү муктаждыгы жок»-деп кесе сүйлөдү. Туӊгишбаевдин укугун жактоочулар эле коргоп аткара беришсе болот деген оюн айтты. Эӊ кызыгы, анын ою боюнча Туӊгишбаев бул соттук отурумга такыр эле тиешеси жок экен. Ал эми ошол башкы прокуратура чыгарган токтом түздөн түз Туӊгишбаевдин тагдырын чечип жатканын алар байкабай калган окшойт.  Прокурор бул «ыӊгайсыз» сөзүн сот залында отурган жарандардын жана журналисттердин көзүнчө уялбай айтканы бир жагынан күлкүнү келтирсе, экинчи жагынан таӊ калтырды. Судья Чыӊгыз Адамкулов каралып жаткан иш Туӊгишбавтин эркиндиги менен укугуна түздөн түз тиешелүү экенине макулдугун билдирип, сот отурумун 19-июнь күнгө саат 16:00гө жылдырып койду.

Бүгүнкү күндө тергөө абагында отурган Туӊгишбаев УКМКнын карамагында экени маалым болду. Бирок, белгиленген тартип боюнча камалган жаранды сот карап жаткан болсо анда соттун карамагына өтүш керек болчу. Бул маселе боюнча прокурордун оӊтойсуз пикири коопсузданууну жаратат. Адашпасак, жекморлукка (коррупция) каршы согуш жарыяланбады беле. Ал эми укук коргоочу органдардын мындай кыянат мамилеси прокурорлордун аӊ-сезими өзгөрүлбөгөнүнөн кабар берет. Буларыӊ дагы деле жогору жактан келген буйрукту «ляппай» деп аткарган, “шептеринин” ишааратын күткөн көзү сокур жоокер бойдон калууда.

Ой-пикир кошуу

кирүү