Баласы үчүн мектепти ата-эне тандай алабы?

Жылдыз Дүйшөнова бизге суроо бериптир: «Бала өзү каалаган мектепте окуй албайт деген мыйзамдуубу?»

Биздин жооп:

«Билим берүү» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 26-беренесине ылайык бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү мекемелеринин окуучулары кайсы этапта билим алып жатканына карабай каалаган билим берүү мекемесин тандоого укугу бар.

Жалпы билим берүү уюму жөнүндөгү типтүү жобонун 4.2-пунктуна ылайык мектепке бекитилген аймакта жашаган,  билим алууга милдеттүү ар бир жаранды ал өзү жазган арызынын негизинде, медициналык тактамалар менен мектепке кирүүчү сынактардан өтпөй эле жана эч кандай акча каражатын төлөтпөй кабыл алышы керек.  Мектепке бекитилген аймакта жашабаган балдарды бош орундар жоктугуна байланыштуу гана мектепке албай коюшу мүмкүн. Билим берүү мекемесинин жетекчилиги баланы кабыл албай баш тартса анда ата-эне ошол мектеп жайгашкан райондун райондор аралык сотуна арыз жазып даттана алат. Ал үчүн мектеп жетекчилигинин кабыл албай баш тартканынын себеби жазылган жазуу түрүндөгү баш тартуусу болушу шарт. 

Сотто жооп берген тарап мектепте окуган балдардын саны көп экендигин далилдеш керек. Муну менен сиз билим берүү мекемесине сиздин балаӊызды албай койгондугунун анык себебин билип аласыз.

Cүрөт: КР ТИМ 

Ой-пикир кошуу

кирүү