Кош жарандуулук жана экинчи жарандуулук

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Элнур Келгенбай Precedentinfoго кош жарандуулук менен экинчи жарандуулуктун айырмасын айтып берүү суроосу менен кайрылды. Бул маселе боюнча жоопту төмөнкү матерталдан тааныша аласыз.

“Кыргыз Рсепубликасынын жарандуулук жөнүндөгү” мыйзамында эки негизги түшүнүк бар: кош жарандуулук жана бөлөк жарандуулук.  Бул түшүнүктөрдүн аныктамасы мыйзамда бүдөмүк жазылганы менен жалпы маанисин түшүнсө болот. 

Эгерде адам өз өлкөсүнүн жарандуулугунан баш тартпай туруп бөлөк өлкөнүн жарандуулугун алса анда бул жарандын бөлөк (экинчи) жарандуулугу пайда болот. Бул учурда ал адам ушул эки өлкөдө теӊ өзүнүн жараны катары эсептелет. Мисалы, Кыргызстанда бул адам Кыргыз Республикасынын гана жараны. Ал эми Россияда болсо ушул эле адам Россия Федерациясынын жараны деп эсептелет. Мында, бул адам эки мамлекеттин алдында өз милдетин аткарат (мисалы, эки өлкөнүн теӊ армиясында кызмат өтөш керек).

Мындайча караганда, өз өлкөсүнүн жарандыгынан баш тартпай туруп башка мамлекеттин жараны эсептелген адамга эки тараптан жүктөлгөн милдеттенмелер кыйынчылык алып келиши мүмкүн. Ким кимдин жараны экендиги боюнча суроолор туулат, эки өлкөнүн жараны болгон адам акыр түбү көтөрө алгыс ашыкча жүккө даяр туруш зарыл.

Ал эми кош жарандуулукта болсо адам кош жарандуулукка ээ болуп, кош жарандуулук боюнча пайда болгон суроолор эл аралык макулдашууларга таянып чечилет. Анда, кош жарандуулугу бар адам эки мамлекеттин бирисинин милдеттенмелеринен бошотулат деп жазылыш мүмкүн.  

Мындан сытркары, эки мамлекет теӊ адамды эки өлкөнүн жараны катары карай алат.

Жарандуулук жөнүндөгү мыйзамда кош жарандуулугу бар жарандар президент, парламенттин депутаты, судья боло алышпайт. Ошондой эле, укук коргоо органынын кызматкери, коопсуздук иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызамткерлер жана мамлекеттик бийликтин жетекчилик кызматында иштегендердин кош жарандыгы болбош керек. Эгерде бул беренени түз карай турган болсок, анда экинчи жарандыгы бар адамдарга жогорудагы тыю салуулар тиешелүү эмес.  Анткени, “Кыргыз Рсепубликасынын жарандуулук жөнүндөгү” мыйзамдын 6-беренесине ылайык экинчи жарандыгы бар адамдар бир гана Кыргыз Рсепубликасынын жараны катары гана кабыл алынат. 

Ой-пикир кошуу

кирүү