Кыргызстандын коопсуздук кеӊеши жемкорлук менен күрөшөм дейби?

Макаланы жазган: Нурбек Токтакунов 

Кыргыз республикасынын коопсуздук кеӊешинин жемкорлукка каршы күрөшүүдө ММК лар менен жарандык коомду биригүүгө чакырган билдирүүсү социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. 

Этият болуудан мурун коррупцияга каршы дагы бир кезектеги жыйын түзүлөт деген коркунуч  пайда болду. Аидя Салянова жетектеп аны эксперт катары Кайрат Осмоналиев колдогон топ коррупция биякта калсын, аны  менен болгон күрөштү да окшото алышкан эмес. Бирок, «Массалык маалымат каражаттары, жарандык жана ишкерлер коому жемкорлукка каршы күрөшүүдө биригиши керек. Коррупцияга каршы күрөшүү-бул өлкөнүн эгемендигин жана мамлекеттүүлүгүн сактаган менен барабар. Мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери, массалык маалымат каражаттары биригип,иш-аракеттерибизди топтошубуз керек» деген Коопсуздук кеӊешинин катчысы Дамир Сагынбаевтин укук коргоо жана фискалдык органдардын координациялык кеӊешинде сүйлөгөн сөзүн журналисттер жөн гана кайталап айтып койгону маалым болду.

Дамир Сагынбаев мындай ойду болуп көрбөгөндөй акыркы камоолордун мааниси туурасында элден чыккан түрдүү ой-пикирлерден улам айтса керек. Бул чындап эле коррупция менен күрөшүү экенине баары эле ишене бербей жатат. Айрымдары бул такыр эле жемкорлук менен күрөшүү эмес деп эсептешет. Кыязы,коопсуздук кеӊеши бул иш-чарада коомдун салмактуу колдоосу көрүнбөй жатканына кабатырланып атат окшойт.

Бир жагынан бул сүйүндүрөт, анткени, буга чейин коопсуздук кенеши коомдун маанайы менен иши жок эле. Адатта, коопсуздук кеӊеши мамлекет башчынын көздөгөн багытын коом колдоп жатат дегендей түр көрсөтүп, алдап келчү.Ошондуктан, аймактарда облустук администрацияларды эл басып алса да мамлекет башчысы коркунучту сезбей отура берчү.  Эми болсо коопсуздук кеӊеш коомдун коолдоосун күтүп, мындан улам бийлик менен коомдун ортосунда сүйлөшүү үчүн кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Билдирүү  үн көтөрүп үстөмдүк менен айтылганы кооптондурат. Коопсуздук кеӊеш жемкорлук менен күрөшүп жатабыз дейт, ал эми коом аларды анча колдобогону көрүнүп турат. Билдирүүдө «бизди неге колдобой жатасыӊар»-деп коомго карата айтылган кандайдыр бир талап бардай.

Кайрылуу мынчалык үстөм эмес, тескерисинче, «биз жемкорлук менен күрөшүүнү чечтик, бул иш-аркеттерде силердин жардамга муктажбыз. Бизге ишенгиле,чындап эле коррупцияга каршы күрөшүү ниетибиз бар, эгер силер ишенбесеӊер анда түшүнүү менен кабыл алабыз»-деп айтылса туура болмок.  Коопсуздук кеӊешинин буга чейинки билдирүүлөрүндө «укук коргоо органдарына болгон ишенимди» кайра кайтарсак жемкорлук менен болгон күрөштү жеӊген болобуз делет. Башкача айтканда, коопсуздук кеӊеши үчүн коррупция менен күрөшүүнүн максаты бул тартип органдарына болгон ишенимди күчөтүү экен. Ишеним деген эл иш-аракеттин жемишин көргөндө гана пайда болот да. Ошол «ишенимди» стратегиялык максат катары көрсөтүү бул коомду алдоого алдын ала ниеттенүү болуп саналат.

Сүрөт: akchabar.kg

Ой-пикир кошуу

кирүү