Каржы полициясы жөнүндөгү мыйзам долбоор

Жогорку Кеӊештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө» мыйзам долбоорду талкуулады. Себеби эӊ жөнөкөй-бул мекеменин кызматкерлери үчүн социалдык кепилдиктерди алуу   

Бүгүнкү күндө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (каржы полициясы) өкмөттүн токтомунун негизинде гана иш жүргүзүп келет.

Бул мыйзам долбоордун демилгечилери тактама-негиздемеде каржы полициясы өзүнүн мыйзамдуу негиздери жок иштеп келе жаткан республикадагы жападан жалгыз укук коргоо органы болуп саналганын жазышкан.    

Бул мыйзам долбоорду иштеп чыгуудагы дагы бир себеп катары каржы полициясындагы кызматкерлерди социалдык жактан камсыз кылуу ыкмалары, кызмат учурунда кандайдыр бир жаракат алганда компенсация алуу, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана башка ушул сыяктуу маселелер айтылды. Демилгеленген мыйзам долбоорду кабыл алуу себеби укук коргоо органдарынын системасындагы бардык кызматкерлерге бирдей шарттарды түзүү менен түшүндүрүлдү. Андыктан, мыйзам долбоор мазмуну жагынан укук коргоо органдары жөнүндөгү мыйзамдарга окшош. Жогорку Кеӊештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети каржы полициясы жөнүндөгү мыйзамды жактырып колдоп берди жана парламенттин биринчи окуусуна жөнөттү. 

Маалыматка ылайык каржы полициясы 25 жылдан бери иштеп келе жатат. Бүгүнкү күндө бул кызматта 340 кызматкер, 150 опер кызматкер жана 84 тергөөчү иштейт. Бирок алардын ишин жөнгө салуучу мыйзам жок. Комитеттин төрайымы депутат Наталья Никитенко 2-окууда кароодо долбоорго бир катар сунуштар келип түшкөнүн, ага ылайык экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик орган деген сөздүн ордуна ыйгарым укуктуу орган деп өзгөртүү кабыл алынганын айтты.

Каржы полициясы жөнүндөгү мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди. 

Ой-пикир кошуу

кирүү