Жеӊилдетилген билим алууну насыяга берүү

Жогорку Кеӊештин депутаттары жакында жеӊилдетилген билим алууну насыяга берүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окулушта эч кандай талкуусуз эле карап чыгышты

Аалы Карашев, Мирлан Бакиров, Гульжан Молдобекова, Абдувахап Нурбаев, Евгения Строкова жана Азизбек Турсунбаевтер бул мыйзам долбоордун демилгечилери. Тактама-негиздемеде мыйзам долбоордун демилгечилери бул жаӊычылдыктан студенттер жеӊилдетилген билимди насыя аркылуу ала алышат деп жазышкан. Жогорку билимге ээ болгон соӊ алар негизги сумманы төлөп башташат.

Кыргызстанда билим алуу мурунку советтер союзуна кирген бардык республикаларга караганда анча деле кымбат эмес экендиги маалым. Ошентсе да билим алгысы келген көпчүлүк үчүн окууга болгон төлөмдү табуу бир топ эле кыйын.    

Айрым үй-бүлөлөр окуусун төлөө үчүн банктардан керектөөчү насыя алууга мажбур болушат. Ал насыялардын пайыздык үстөгү социалдык жактан аз камсыз болгондорго багытталган эмес.

Ушуга байланыштуу, демилгечи депутаттар пайда болгон көйгөйдү чечүүнү көздөп бул мыйзам долбоорун сунушташкан.

Депутаттар билим ала тургандар үчүн берилчү насыянын пайыздык чени Улуттук банктын эсептик ченинен жогору болбош керек дешет. Анын үстүнө студент алган насыяны төлөөнү билим алып бүткөн убакытка жылдырса болот дешет.

Депутаттар бул мыйзам долбоорду талкуулабай туруп эле добуш берүүгө жөнөтүштү. Анткени, мыйзам долбоорду экинчи окууга даярдап жаткан учурда билим боюнча комитети депутаттардан түшкөн сунуштарды кабыл алган болчу.

Бул мыйзам долбоору баштапкы, орто, жогорку билим берүүчү жайларда окуган жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим алууну көздөгөн  студенттерди социалдык жактан колдоого багытталганын билдирет.  

Депутаттардын бул социалдык көйгөйгө көӊүл буруп, маселени чечүүгө бел байлаганы кубандырат. Ошентсе да, мыйзам долбоор кандайча иш жүзүнө ашат жана кандай жыйынтыктар күтүп турганын убакыт көрсөтөт. Тилекке каршы, мыйзам чыгаруучулар сөзсүз түрдө керектелчү экспертизаларды өткөрбөй туруп мыйзам кабыл алганды адатка айландырышкан. Кайсы мыйзам болбосун кийин укук коргоочу, укуктук жана жемкорлук жактан көйгөй алып келбейт деп сөз жүзүндө эле ырастап келишет.

Ой-пикир кошуу

кирүү