Ыкчам маалымат деген эмне жана аны далилден кантип айырмаса болот?

Кылмыш-процессуалдык кодекстин тили менен айтканда бул- ыкчам иликтөө ишмердигинин натыйжасында топтолгон маалымат болуп эсептелет. Ал эми бул эмне экенин түшүнүү үчүн  укук коргоо органдарынын ыкчам кызматкери менен укук коргоо органдарынын тергөөчүсүнүн ортосундагы айырманы билип алышыбыз керек.

Ыкчам кызматкерлер же болбосо эл арасында «оперлер» деп коюшат. Тыӊчы, аӊдуучу,белгилүү Шерлок Холмс да тыӊчы болгон. Тыӊчынын милдети кылмыш ишин ачуу, кылмышкерлерди таап кармоо, бул кылмышка тиешелүү маалыматтарды чогултуу жана аны тергөөгө өткөрүп берүү  болуп саналат. Ал эми тергөөчүнүн милдети болсо ошол иликтөөдө чогулган далилдерди кошо тиркеп, процессуалдык жактан жол жобосу менен каттап ишти сотко өткөрүп берүү үчүн даярдайт.

Демек, ыкчам түрүндө алынган маалымат сот учурунда ачык айтылбаш керек жана сот иш боюнча чечимге келээрде  ал маалыматты негиз кыла албайт. Мыйзам уруксат берген тартипте чогултулган ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжасындагы материал менен далилдерди негиз кылып  сот чечим чыгара алат. Кылмыш процессинде далилдерди кабыл алуу деген бар. Бекитилген тартип менен чогултулган далилдер гана сотто караганга кабыл алынган далилдер деп эсептелинет жана ага  таянып сот чечим чыгарат.

Мисалы, тинтүү менен текшерүү жана угуп, аӊдуу сыяктуу ыкчам ишмердиктин жыйынтыктары гана сотто далил катары кабыл алынып, каралат. Эгерде мунун баарына сот тарабынан санкция берилсе.  Эгерде шектүүнү угууга, аӊдууга же тинтүүгө сот тарабынан санкция берилбесе анда мындай далилдер сотко кабыл алынбаган болуп саналып, сотко берилген күндө да сот аларды жокко чыгарыш керек.

Тилекке каршы, ыкчам маалыматка таянып кабыл алынган соттук чечимдер Кыргызстанда жаман адатка айланган.

Ой-пикир кошуу

кирүү