Муратбек Туӊгишбаевди Казакстанга өткөрүп берүү боюнча соттук иштин түшүндүрмөсү

Кечээ, 20-июнда Муратбек Туӊгишбаевди өткөрүп берүү боюнча алгачкы соттук отурум болду

Соттук отурум башталаары менен адвокат Нурбек Токтакунов сотко (Октябрь районунун соту Чыӊгыз Адамкулов) негизги маселе менен кайрылды. Анда камактагы Муратбек Туӊгишбаевдин жарандык укугун жана эркиндикке болгон умтулуусун коргоо мүмкүн болбой жатканы айтылат. Анткени, камактагы Туӊгишбаевдин ишин сот караганы менен ал азырынча УКМКнын карамагында болуп, айрым соттук процесстерге аны алып келүү же катыштырбоо маселесин УКМК кызматкерлери чечүүдө деп билдирди Нурбек Токтакунов.

Жактоочунун айтымында бул маселе түздөн түз соттордун көз карандысыздыгына тиешелүү. Башкача айтканда, маселе соттун абийирине көз каранды. Бүгүнкү күндө сот Туӊгишбавдин ишин карап баштаганы менен өзүнүн карамагына өткөрүп алган эмес. «УКМКнын мыйзам чегинде иш жүргүзбөгөндүгүнөн миграция боюнча мамлекеттик кызматына Туӊгишбаев менен ага качкын статусун берүү боюнча аӊгемелешүү мүмкүн болбой жатат»- дейт жактоочу Нурбек Токтакунов.

Андан сырткары, Туӊгишбаевдин жактоочулары СИЗОнун жетекчилигине качкын статусуна байланышкан маселелерди чечүү үчүн уруксат алууга ишеним кат жазып беришин суранганда ал УКМКдан коркуп мыйзамды бузуп, СИЗОдогу нотариустун ролун аткаруудан баш тартканын айтышты. 

Сот Чыӊгыз Адамкулов жактоочу тараптын Туӊгишбаевди сотко өткөрүп алуу талабын аткарбай, четке какты. Мындай чечимин сот «Бул кылмыш иши эмес, жөн гана башка өлкөгө өткөрүп берүү маселеси болуп жатат. Туӊгишбаевдин жарандык укуктары жана эркиндиги каралып жаткан маселеге тиешеси жок»-деп айткан прокурор Кенжеевдин сөзү  менен түшүндүрдү.

«Прокурор да, сот дагы кылмыш иши же материал деп кандай аталса да Туӊгишбаевке качкын статусун берүү каралып жаткан ишке түздөн түз тиешеси бар экенин түшүнмөксөнгө салып атышат. Сот менен прокурорлордун мындай мамилесинен алар УКМКнын басымы астында экенине ынандым. Мүмкүн, бул иш боюнча соттун чечими эбак чечилген.»- дейт Нурбек Токтакунов. 

Ой-пикир кошуу

кирүү