Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Facebook колдонуучусу суроо узатыптыр:
«Жеке өзүмө караштуу үйүмө тууганым Бишкекке көчүп келген бир тууган байкесин жаздырып кой деп суранды. Ал байкеси 2-топтогу майып, кыймылы чектелүү. Нотариустан тастыкталган макулдугумду кат жүзүндө бердим. Эми ошол тууганым үйүмдүн документин сурап жатат. Суроо:
Жарандар жөнүндө жазылган мыйзамда кыймылсыз мүлк ээси өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кыла алат жана жеке көз карашына жараша ал мүлктү пайдалана алат.
Бир дарекке катталуу же жашаган жеринде каттоого туруу бул өлкөдөгү ички миграцияны тактоочу жагдай болуп саналат. Ошондуктан, тууганыӊызды жеке менчик үйүӊүзгө каттатканыӊыз мүлкүӊүзгө ээлик кылууга негиз деп эсептелбейт.
Ошондой эле, мында, жашаган жери менен келип катталган жердин ортосундагы айырмачылыкты айырмалай билиш керек. Демек, адамдын жашаган жери бул Кыргыз Республикасынын жаранынын такай,туруктуу жашаган жери эсептелинет. Ал эми жарандын катталган жери деп убактынча жашаган жери аталат.
Эгерде жаран жашаган жерин өзгөртсө анда убактынча жашоо үчүн жаӊы келген жерине катталууда каттоо тизмегин жүргүзгөн органдарга 10 иш күндүн ичинде арыз менен кайрылууга милдеттүү.
Катталуу үчүн берилчү документтер:
— паспорт же анын ордуна жарандын өздүгүн тастыктаган документ;
— адам жашай турган жайга жайгаштыруучу документ (ордер, келишим, жашоого ылайыктуу жайды берген жарандын арызы же башка документ) же анын нотариустан тастыкталган көчүрмөсү;
— эгерде каттоочу тизмектен алдын ала чыккысы келсе анда белгиленген формада даректен чыкты делген баракча;
— аскерге милдеттүүлөр үчүн(аскерге бара электер) — аскер билети (аскер тизмегинде турган жарандын документи) мурда жашаган дареги боюнча аскердик тизмектен чыгарылган жана жаӊы жайгашып жашаган жерине тизмекке тургандыгы белгиленген документ.
Тиешелүү документтердин баары келип түшкөндөн кийин КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкери бардык маалыматтарды жеке менчик ээси кармаган үй китебине киргизип,каттап жазат. Ошондой эле, ошол эле маалыматтарды каттоо барактарына киргизип, каттай турган даректүү баракча түзүп, шайлоочу катары каттоо талонун түзүп,статистикалык тизмектин талонуна каттап, жашаган жери деп каттайт.
Күтүлбөгөн жайгдайлар түзүлүп калбашы үчүн жашаган жерге тууганыӊызды кататтуу учурунда ошол аймактык органга жеке өзүӊүз барып көрүп, ушул иш-чараларды ишке ашырууда нотариус аркылуу тастыкталган документтерди карап чыгууну сунуштайбыз.
Макаланы жазган: Замир Жоошев Суроо: Менин даректүү каттоом (прописка) Каракол шаарында. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында жеке ишкерликти баштаганы жатам. Эми мен Караколго барбай эле, Бишкектеги […]
Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова Бизге биринчи турмушунда төрөлгөн баласынын фамилиясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бардыгын сурап кайрылышкан. Ата-энеси чогуу жашабай калса же ажырашып кетсе бала төрөлгөндө алган фамилиясы […]