Сатылып алынган дачага кызыл китеп алуу кыйынчылыгы

Ардактуу эс алууда жүргөн пенсионер “Precedentinfo” маалымат сайтына  Facebook  аркылуу төмөндөгүдөй суроо менен кайрылды:

«11 жыл илгери мен Бишкектин четинен дача сатып алдым эле. Дачанын мурунку кожоюну мага сатып чет өлкөгө жашаганы кетип калган. Эми ошол дачага кызыл китеп алыш үчүн мурунку кожоюндун макулдугу менен кол тамгасы керек экен. Бирок, тилекке каршы  аны кайсы өлкөдөн табам деп убарамын. Дачага кызыл китеп алуу үчүн эмне кылышым керек?».

“Precedentinfo” жооп берет:

Кыймылсыз мүлккө ээлик кылууда  аны  милдеттүү  түрдө мамлекеттик каттоодон  өткөрүш керек. Коюлган маселени чечүүнүн эки жолу бар. 

Дачаны сатуу жана сатып алган макулдашуу жарактуу деп табылыш керек. Башкача айтканда, жашаган жерине жараша райондук сотко арыз менен кайрылыш керек. Ал арызда макулдашуунун бардык жагдайларын жазып, күбөлөрдү белгилеп, далилдер кошо тиркелиш керек.

Экинчи жолу, канча убакыт мурун сатылып алынган болсо азыркы кожоюндун ошончо убакыттан бери кыймылсыз мүлккө ээлик кылгандыгын таануу керек.

Бул негизде кыймылсыз мүлккө ээлик кылууну каттоодо эске алынчу жагдайларды унутпаш керек .

Алар төмөнкүлөр:

– Жер тилкесине юридикалык жактан ээлик кылбаган жаран кожоюндук кылса;

 – 15 жылдан кем эмес жер тилкесине кожоюндук  кылуу менен пайдалануу  жана 3 жылдык чектөө мөөнөтү болсо;

– Үзгүлтүксүз – жер тилкеси көрсөтүлгөн убакыт аралагында такай менчикте болуп пайдаланылып келсе

– Ачыктык- жер тилкесине  ээлик  кылган жаран дачаны ачык эле көрсөтүп пайдаланса

– Жоопкерчиликтүүлүк  – жер тилкесин пайдаланууда  мыйзамдуу кожоюндун  ага болгон укуктарын бузбаса 

Ой-пикир кошуу

кирүү