Электрондук патент

Жакында өлкөбүздүн салык төлөөчүлөрү патентти электрондук түрдө  ала башташат. Бул боюнча Өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук угууга жөнөтүлдү

Мындай сунушту Экономика министрлиги демилгелеген. Нормативдик документтин долбоорго карата жазылган тактама-негиздемесинде демилге көтөргөн тарап долбоор
салык төлөөчүлөргө мыкты шарттарды түзүү максатында иштелип чыккандыгын жазышкан.
Ошондой эле, салык  кызматынан патент алуу
процедураларын жөнөкөйлөштүрүү үчүн заманбап ыкмаларды колдонуу болуп саналат. 

Патент алууну санариптештирүү бул Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасына кирген маселелердин бири.

Бул долбоор ишке ашса жарандардын патент алуу машакатын алда канча жеӊилдетип, убактысын үнөмдөйт. Ошондой эле, жарандар патентти алыска барып-келип отурбай эле, узун кезекти күтпөй, иш эмес дем алыш күндөрү да электрондук патентти алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Патент алуу эрежеси боюнча электрондук форматта жарандар өз эрки менен же милдеттүү түрдөгү патентти ала алышат. Ошондой эле, милдеттүү түрдө патенттөө керек болгон иш менен алектенген кызматкерлер ала алышат.

Бул үчүн салык төлөөчүлөрдүн колунда:

  • Жашаган же ишкердин иши жайгашкан жеринен алынган
    учеттук же салыктан өткөн каттоосун тастыктаган документ
  • Аймактык салык органынан берилген жөнөкөй эле электрондук кол тамгасы(логин), же ID картасындагы даана коюлган электрондук кол тамга.

Жарандын электрондук кол тамгасы салык органынын автоматташтырылган маалымат системасына кирүү үчүн керек.

Ушул автоматташтырылган системага киргенден кийин салык төлөөчү электрондук тапшырыкты толтурат. Анда жарандардын ишмердигине жараша өзү чогулуп калган патент боюнча салыктын көлөмү жазылат. Ошондой эле жарандардын ишмердигине жараша патенттин иштөө чеги жана физикалык көрсөткүчтөрү да көрсөтүлөт.

Салыкты нак акча менен же болбосо которуу жолу менен да төлөсө болот (банк, POS-терминалдар, электрондук капчык, интернет и мобилдик банкинг). Салык үчүн төлөм алынган соӊ электрондук патент түзүлөт жана ага өзгөчө уникалдуу номер менен кошо QR код ыйгарылат.

Долбоор жөнүндө жазылган тактама-негиздемеде 2018-жылдын 20-июнунан 1-августуна чейин Бишкек жана Ош шаарларында патентти электрондук түрдө алуу боюнча механизмди киргизүүдө пилоттук иш-чаралар жүргүзүлөт деп белгиленген. 

Ой-пикир кошуу

кирүү