Эки ай депутаттар эмне иш кылат?

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын гимни жаӊырып, алтынчы чакырылыштын депутаттары дагы бир кезектеги жылды жыйынтыктап, каникулга тарап кетишти. Кийинки сессияга эми алар эки айдан кийин чогулушат. Бул убакытта депутаттар эмне менен алек болушат?   

Жогорку Кеӊештин депутаттары бир гана мыйзамдарды талкуулап кабыл албастан өздөрү кабыл алган нормативдик актылардын аткарылышын көзөмөлгө алышат.  Кандай мыйзамдарды кабыл алыш керек жана ошол мыйзаммдар турмушта кандай ишке ашып, кандай женилдиктерди алып келип жатканын билиш үчүн депутаттар эл менен, өздөрүнүн шайлоочулары менен жолугушат.

Сессиялар ортосундагы убакытта депутаттар өкүлчүлүк милдеттерин аткарышат. Шайлоочулар менен төмөнкү иш-чаралар аркылуу иш жүргүзүлөт:

1) шайлоочуларды кабыл алуу;

2) сунуштарды, арыздарды жана билдирүүлөрдү карап чыгуу;

3) чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, тегерек столдорду, семинарларды, жыйналыштарды өткөрүү, ачык эшик күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

4) мыйзамдарды кабыл алуу боюнча жарандардын сунуштарын кабыл алуу жана карап чыгуу;

5) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын мыйзам бузуулары боюнча жүргүзүлгөн парламенттик иликтөөлөр жөнүндө жарандардан түшкөн кайрылууларды карап чыгуу;

6) мыйзам долбоорлор жана коомдогу маанилүү маселелер боюнча парламенттик угууларды өткөрүү;

7) шайлоочулардан түшкөн арыздар боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жөнөтүлгөн парламенттик жана депутаттык суроо-талаптар; 

Жогорку Кеӊештин фракцияларынын жана депутаттарынын аймактагы шайлоочулары менен жолугушуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялары атайын жай бөлүп бериши керек.

Шайлоочулар менен болгон жолугушуулардан сырткары депутаттар жыл сайын берилчү эмгек өргүүсүнө чыгышат. 30 күндүк эс алуусунда депутаттарга ден-соолугун чыӊдап алышы үчүн  КРнын мыйзамдарында жазылган кошумча төлөмдөр кошо төлөнөт.Депутаттын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы эмгек тажрыйбасы эске алынып, 5, 10, 15, 20 жылдык болуп бөлүнүп, өргүү убактысы 8 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Мындан, депутаттар 30 күн иштеп, 30 күн эс алат деп айтууга болбойт. Анткени, кимиси чындап шайлоочулар менен иштээри белгисиз. А балким, айрымдарына такыр эле эч ким кайрылбашы мүмкүн. 

Ой-пикир кошуу

кирүү