Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Депутат Кенжебек Бокоев бизнес өнөктөштүктү жана коомдорду кайрадан каттоодо, ошондой эле алардын ишмердигинин токтогондугун каттаганда өмүрлүк жардын сөзсүз түрдө нотариустан өтүп күбөлөндүргөн макулдугун алыш керек деп эсептейт.
Мындай сунуштун демилгечиси «практика көрсөткөндөй жубайлардын укуктары бузулуп жатат»- дейт.
Бул мыйзам долбоор аркылуу «Юридикалык жактарды жана алардын өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоодон өткөрүү» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы кемчиликтер толукталып, мүчүлүштүктөр жоюлат.
Баарыбызга белгилүү болгондой жубайлар бир үй-бүлө кезинде чогултулган мүлк ал экөөнө теӊ тиешелүү биргелешкен менчиги болуп эсептелет. Анын ичинде “…казыналык чогултуулары, насыя берчү мекемелерге же башка коммерциялык уюмдарга кошкон капиталдык үлүштөрү…).
Эгерде жогоруда айтылган келишимдер өмүрлүк жолдошунун нотариустан өткөн макулдугусу жок ишке ашкан болсо, анда ал ошол келишимди билип калган күндөн тартып 3 (үч) жыл ичинде сот аркылуу келишимди жараксыз деп табууну талап кыла алат.
Бүгүнкү күндө юстиция органы өмүрлүк жолдошунун мындай макулдугун сурабай эле келишимдерди иш жүзүнө ашырып келет. Долбоордун авторунун пикиринде бул жерде бир үй-бүлө кезинде өзүнүн үлүшүнөн ажыраганын билбей калган өмүрлүк жарынын укугу бузулуп жатат.
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамеки чегүүдөн жана тамеки түтүнүнүн тийгизген таасиринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору жарандар тартчу насывайды өндүрүү, ташып кирүү жана сатуу-жүгүртүү маселесин чечүүнү сунуш кылат. […]
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык эсебин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоордун максаты 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире […]