Кылмыш иши козголгон Жогорку соттун үч судьясы кызматтан четтетилеби?

Үстүбүздөгү жылдын 2-июль күнү Башкы прокуратура тарабынан жаранды мыйзамсыз камакка алган фактысы боюнча Жогорку соттун үч судъясына кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу «Кылмыш иш козголгон судьялар тергөө жүрүп жатканда кызматынан четтетилеби же мурункудай эле өз ишин уланта береби?»- деген суроо жаралат.

Мыйзам боюнча Жогорку соттун судьясы кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн. Ага чейин төмөнкү этаптар жүрүшү керек:

  1. Башкы прокурор судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Соттор Кеӊешинин алдындагы тартип комиссиясынын макулдугун сурап кайрылат. Макулдук берилген учурда прокуратура тарабынан судьяга кылмыш иш боюнча айыбы угузулуп, күнөө коюлат. Ушул учурдан тартып судья шектелген эмес, иш боюнча айыпталынуучу болуп эсептелинет жана аны камакка алса болот.
  2. Судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген соӊ тартип комиссиясы 5 иш күндүн ичинде КРнын Президентине ал судьяны убактылуу кызматтан четтетүү сунушу менен кайрылат.
  3. Сунушту алган Президент Жогорку Кеӊешке жөнөтөт.
  4. Келип түшкөн сунушту Жогорку Кеӊеш 15 күндүн ичинде карап чыгыш керек. Ал боюнча катышкан депутаттар көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алат. Ал добуштар 50дөн кем эмес болуш керек. 

* Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 95-беренеси; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Соттор Кеӊешинин тартип комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 3-, 12-, 21-  жана 25-беренелери; “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин регламенти жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 125-беренеси.

Ой-пикир кошуу

кирүү