Кийинки Омбудсмен-Акыйкатчы качан шайланат?

Үстүбүздөгү жылдын 27-июнь күнү акыйкатчы Кубат Оторбаев мөөнөтүнөн мурда өз арызы менен Кыргыз Республикасынын Обмдусмен кызматынан кетти. Эми, канча убакыттын ичинде Жогорку Кеӊеш жаӊы акыйкатчыны шайлаш керек? Жоопту биз мыйзамдардан издеп көрөлү.

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени мөөнөтүнөн мурун кызматтан кеткен учурда кийинки акыйкатчы бир ай ичинде шайланыш керек.  Бул – Жогорку Кеӊеш жаӊы Акыйкатчыны 27-июльга чейин шайлаш керек дегенди билдирет. Бирок, парламент депутаттары үстүбүздөгү жылдын 28-июнь күнү жайкы каникулга тарашты. Эми алар жумушка 3-сентябрда гана чыгышат. Ушуга байланыштуу жаӊы акыйкатчыны шайлоо 2018-жылдын 28-сентябрына чейин калтырылды.

Ошентсе да, Жогорку Кеӊеш депутаттарынын 27-июльга чейин Акыйкатчыны шайлоо мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн парламентарийлердин үчтөн бир бөлүгү, тагыраагы эӊ аз дегенде 40 депутат чогулуп, ЖК төрагасына кезексиз сессияга чогулуу сунушу менен кайрылыш керек. Ал эми Төрага сунуш түшкөн 3 күндөн кечиктирбей кезексиз сессияга депутаттарды чогултат да,ал кезексиз сессияда жаӊы Омбудсмендин талапкерлиги каралып, жактырылган соӊ, добуш берип шайланат.   

Омбудсмен-Акыйкатчынын кызматын азыр ким аткарып жатат?

Омбудсмен-Акыйкатчы өз мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен учурда анын ордуна ишти ким аткараары мыйзамда жазылган эмес. Бирок, Омбудсмен-Акыйкатчы институнун өкүлү Айзада Исмаилова «Precedentinfoго» билдиргендей, акыйкатчынын ишин учурда анын орун басары Ерлан Алимбаев аткарып жатат. 

*Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Омбудсмен (Акыйкатчы) жөнүндөгү» мыйзамынын 4-беренеси  

Ой-пикир кошуу

кирүү