Жол боюндагы бодо малды унааӊыз менен коюп кеттиӊиз, не кылыш керек?

Бул учурда ким күнөлүү жана маселе кантип чечилет? Мындай суроолор ар бир айдоочуну түйшөлтсө керек.

Төмөндө болушунча кыска жооп бергенге аракет кылабыз.

КРнын жол кыймылы боюнча эрежеде мындай жазылган:

— жолдо жүк ташыган жаныбарларды, үйүр бодо малды кайтарган адам жана ат арабанын айдоочусу 14 жаштан кем эмес жаран болушу керек.

— жайлоого же кыштоого бодо малды эрежеге жараша күндүзү гана айдаш керек. Бодо малды кайтарып багууда унаа жолдордо сызылган сызыкта багууга тыю салынат. Бодо мал кайтарган бадачылар малды жолдун оӊ тарабы менен айдаш керек.

Жүк ташыган жаныбарларды, үйүр бодо малды кайтарган адам жана ат арабанын айдоочуларына төмөнкү учурларда тыю салынат:

— бодо малды жолдо кароосуз калтырганга;

— бодо малды темир жол аркылуу айдап өткөнгө жана атайын бөлүнгөн жайларда кайтарууга, ошондой эле көз көрбөй калган кечки сааттарда жана түнкү убакта;

— башка жолдор бар туруп бодо малды асфальт-бетон төшөлгөн жолдордо алып өтүүгө

Эгерде жогоруда жазылган учурлар катталган болсо, анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ГУОБДД МВД КР) кызматкерлери кадимки жол кырсыгы окуясындай эле протокол толтуруп, андан ары тергөөчү жол эрежелери боюнча нормаларды карманып чечим кабыл алат. Материалдык чыгымдарды төлөө КРнын мыйзамына ылайык сотто же сотко чейинки тартипте жүргүзүлөт.

Эгерде сиздин бодо мал түндөсү жолдо жүргөн болсочу?

Бул жагдайда бодо мал түндөсү жолдо кароосуз жүргөндүктөн талашты чечүү учурунда автоунаа ээсинин пайдасына чечилет.

Бирок, жолдо жүрүү эрежелерине, ушул нормаларга тактоо киргизилиши зарыл. Себеби, “керек, адатта” деген сөз айкалыштары норманын милдеттүү түрдө аткарылышына шек жаратат.

Ой-пикир кошуу

кирүү