Заманбап технологиялардын терс жактары

Иллюстративное фото (Pixabay)

Cүрөт: Pixabay

Жарандык коомдун активисттери бизге маалыматтык технологиянын өнүгүүсүн алып келген элдин түз башкаруусунун (прямая декмократия) сыйкырдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана бийликтин жоопкерчиликтүүлүгүнө жанданып, канат байлап алышыптыр. Көпчүлүк бул мүмкүнчүлүктөрдүн ишке ашышы жайбаракат болуп жаткандыгынан маселе жаратышат. Маселе анда эмес.Тескерисинче, алардын сөзсүз түрдө ишке ашканы чоӊ масалеге айланат. Илимий прогрессти токтотуу мүмкүн эмес. Эртеби же кечпи өткөрүлгөн же өткөрүлбөгөн тендердеги коррупция, иштемиш эткени менен аракетти үзгүлтүккө учуратса да бул жаӊы мүмкүнчүлүктөр ишке киргизилет. Андыктан, башында эле жаӊы технологиялардын мүмкүн болгон терс тассирлерин эскертип кою керек.

Бул мыйзамдардын эӊ коркунучтуусу болуп эсептелген жери, мамлекеттик кызмат көрсөткөн мекеме-ишканалар тарабынан түрдүү маалымат базаларын түзүү талабы. Өзгөчө жеке маалыматтарды чогулткан база кооптондурат. Джордж Оруэллдин «1984» аттуу белгилүү антиутопиясындагыдай жарандын кыймылы жөнүндөгү жеке маалыматтарды көзөмөлдөө бул мамлекет тарабынан адамдын жеке жашоосун текшерүү, ага кийлигишүүнүн куралы болуп калат. Ошондуктан жаӊы технологияларды иштеп чыгууда алгач жарандын жеке маалыматынын купуялуулугун камсыздаган кандайдыр бир ыкмаларды ага кошо киргизүү керек. Жеке маалыматтардын ачыктыгы же купуялуулугу биротоло берилген көрсөтмө болуп эсептелбейт.Ал маалыматтарды таратуу чеги анын контекстине жараша, жеке жана коомдук кызыкчылыктардын айкалышы менен аныкталат.Маалыматтык программа контексти бар маалыматтарга жетүүгө мүмкүнчүлүк алуу же жетпей калуу маселелер катышын билүү үчүн ал жасалма интеллект болушу керек. Бул тармактагы практикалык изилдөөлөр азырынча түйүлдүк сыяктуу эми жаралып келе жатат. Ошондуктан, азырынча коомдук кызыкчылыктан көрө жеке каалоолорду алдыӊкы орунга кою абзел. Андай болбосо «ой кылымышын» куугунтуктаган оруэллдик «ойлор полициясы» жакын арада пайда болгону турат. Анткени, ойлоо процессин чечмелеген жаӊычылдыктар өз нугунда иштеп жатат. Бул тенденциялар мамлекеттик жана каржылык институттарды алсыздатканы маселенин дагы бир коркунучтуу жагдайы.

Блокчейн сыяктуу бөлүштүрүү системасы жогоруда айтылган институттарды ортомчу кылбай эле калктын биригүүсүн жана чакыртпай эле чогулуусун камсыз кылып жатат.Транзакциялар социалдык мамилелер аркылуу ырасталып жаткан шартта борбордук банктар менен Өкмөт мурдагыдай кудуреттүү болбой калган. Мамлекеттик бийлик канчалык демократиялуу же тескерисинче ашыкча зулум болбосун айтып келбеген дагы бир жаӊы социалдык байланыштардын арты кыйратуу,бүлүндүрүү менен аяктаарын жакшы туюушат. Катаал системалар баари бир бул таасирлерин чектөөлөр  жана тыю салуулар менен созуктурушат.  Демократиялык системелар алдыга озууга аракет кылышат. Мисалы, Өнөктөштүк -Ачык Өкмөт идеясын ишке ашыруудагы аракеттери менен декмократиялык система алдыга шашылууда.   Бул идеянын манилүүлүгү , эгерде билйик мамлекеттик башкаруу боюнча  коомчулук менен кызматташса  пайда болуп келе жаткан жаӊы социалдык байланыштарды көзөмөлсүз башкара алат.

Ой-пикир кошуу

кирүү