Жолдогу «жасалма тоскоолдуктар» кайсы жерден орун алыш керек?

Акыркы убактарда жолдогу коопсуздукту камсыздоо маселеси өтө курч көтөрүлүп жатат. Күн сайын көп убакытты алган жол тыгындарын жана чоӊ ылдамдыкка байланышкан жол-унаа кырсыктарын эске алганда Precedentinfo нун окумармандары «жасалма тоскоолдуктар (лежачие полицейские) » кайсы жерлерде орун алышына кызыгып, суроо беришкен.

«Жасалма тоскоолдуктар» деп  жолдогу дөӊчөлөр жол кыймылынын эрежесинде атайын жол кыймылынын ылдамдыгын аргасыздан ыйлдыйлатуу үчүн атайын орнотулган жасалма дөӊчө аталат. 

Унаанын ылдамдыгын аргасыз ылдыйлатчу жасалма дөӊчөлөр(лежачий полицейский) ушул эрежелерге жараша мектептептердин, бала-бакчалардын жана башка ушу сыяктуу мекеме-уюмдардын жанына Мамлекеттик унаа инспекциясы тарабынан белгиленип берилген жерге орнотулат. 

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынан,  “жасалма дөӊчөлөрдү”  жол кыймылынын коопсуздугу боюнча Башкы башкармалык белгилеп берген жерлерге гана орнотобуз деп билдиришти.

ИИМдин алдындагы жол кыймылынын коопсуздугу боюнча Башкы башкармалыктан билдиришкендей жолдогу жасалма тоскоолдуктар Россиядагы мамлекеттер аралык стандарттай эле орнотулат. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине киргендигине байланыштуу бул стандарт өлкөбүздүн аймагында да иштей берет.

Демек, мамлекеттер аралык стандартка ылайык жасалма дөӊчөлөр жаш балдар жана өспүрүмдөрдүн окуу-тарбия мекемелеринин жанындагы башкарууга мүмкүн болбогон жөө өтмөктөргө 10-15 метр калган жерлерге орнотулат. 

Жасалма дөӊчөлөр буга чейинки унаа кырсыктарынын себептери талданып такталган жайларга орнотулат. Мында,ошондой эле жолдун сыйымдуулугу, курамы жана жолдун шарттары да эске алынат:

— балдар жана өспүрүмдөр барган билим берүү мекемелери, балдар аянтчалары, көпчүлүк эл эс алчу жайлар, стадион, вокзал, дүкөндөр жана көпчүлүк жөө жүргөн жерлерге, райондук жана жергиликтүү маанидеги жолдор жана унаа-жөө жүрүүчү жана жөө жүрүүчүлөр-унаа магистралдык көчөлөрүнө, унаа токтотуучу жайларга;

— саатына 40 километр гана чектөө ылдамдыгы көрсөтүлгөн коркунучтуу делген жолдор бөлүкчөлөрүнө;  

— “токтобогон унаа кыймылына тыю салынат” деген 2.5 белгисине чейин 30-50 метр калган жерлерге, кесип өтчү жолдор менен келе жаткан унаа көрүнбөгөн жолдорго;

— “Балдар” деген 1.23 белгиси бар аймактын баардык жерине (КРда 1.21 “балдар” деген белги), ар биринин ортосу 50 метр болот.

Калк жашаган аймактын каалаган жерине жеке жашоочулардын тапшырыгы менен “жасалма дөӊчөлөрдү” орнотсо боло береби деген сурообузга жол кыймылынын коопсуздугу  боюнча башкы башкармалыктан «тиешелүү арыз менен кайрылыш керек» – деп жооп беришти. Арыз түшөөрү менен атайын түзүлгөн комиссия барып, аймакты карап чыгып, жогоруда жазылган негиздер болсо анда “жасалма дөӊчө” орнотууга уруксат берген мүнөздөмө жазып берет. Эгерде барган комиссия «жасалма дөӊчөлөрдү» орнотууга эч кандай негиздерди таппаса анда арыз канааттандырылбайт.

Унаа жолунда «жасалма дөӊчөлөр» аябай эле көп деп эсептелген учурда ошол эле жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыкка кайрылса болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү