Дүмүрчөгү (чек, квитанция) жок сатылып алынган буюмду алмаштырса болобу?

Cүрөт: Pixabay

Precedentinfoго базардан дүмүрчөгү (квитанция)жок сатылып алынган кымбат баалуу бут кийимди кантип алмаштырып алса болот деген суроо менен кайрылышкан.

«Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү» КРнын мыйзамына ылайык сатып алган тиешелүү сапаттагы буюмду (азык-түлүк, тамак-аштан сырткары) алмаштырып алуу укугу бар:

— сатылып алынган буюм эгер түзүлүшү,кеӊдиги же чоӊдугу, өӊү жана өлчөмү жагынан же башка себептерден улам колдонгонго туура келбесе анда сатып алган ошол соодагерден;

— сатып алган күндү эсептебегенде 14 күндүн ичинде;

— керектөөчүгө буюм менен кошо берилген дүмүрчөгү (товарный или кассовый чек, квитанция)сакталган болсо, сатылып алынган буюм колдонулбастан, өз өӊүн жоготпосо;

Сатылып алынган буюмду алмаштыруу күнү ошондой буюм же кийим сатуучуда жок болсо, анда керектөөчү буюмга төлөгөн акча каражатын талап кыла алат же ошондой буюм сатыкка чыгаары менен алмаштыра алат. Соодагер алмаштырууну талап кылган керектөөчүгө ошондой сапаттагы буюмдун же кийимдин (азык-түлүк,тамак-аштан сытркары)сатыкка алынып келгенин сөзсүз түрдө билдириши зарыл.

Мыйзамда КРнын Өкмөтүнүн токтому менен атайын бекитилген азык-түлүк,тамак-аштан тышкаркы башка буюмдарга алмаштырса болбой турган буюм-кийимдердин тизмеги жазылган шилтеме эреже бар. Бул тизмекте бут кийим жок. Андыктан, бут кийимди алмаштырса же акчасын кайтарып алса болот. Бирок,мында буюм сатылып алынган жайы, акча каражатынын суммасы жана сатылып алынган күнү белгиленген дүмүрчөктөрдүн (чек, квитанция жана башка каржылык документтер) жоктугу маселе жаратып жатат.Бир сөз менен айтканда сатылып алынган буюмду далилдөөчү эч нерсе жок.

Эгерде сатуучу буюмду алмашпай же акчаны кайтарып беүүдөн баш тартса эмне кылыш керек?

  1. Буюмду алмаштыруу же акчаны кайтарып алуу боюнча өз укугуӊуз бар экенин айтып түшүндүрүп, маселени тынчтык жолу менен чечүү аракетин көрүш керек.
  2. Монополияга каршы мамлекеттик агенттикке арыз менен кайрылыш керек. Анткени бул мамлекеттик орган керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салат жана КРнын нормативдик укуктук актыларын көзөмөлдөөнү ишке ашырат.
  3. Соодагерлердин салык төлөшүн текшерген Мамлекеттик салык кызматына арыз менен кайрылыш керек. 20 чарчы метр аянтты ээлеген дүкөндөрдө же дүкөнчөлөрдө соода кылган жана андан көп аянтта жайгашкан буюм-тайымдар сатыкка коюлган же сакталган соода жайларынын ээлери сатылган буюмдун кассадан өткөн дүмүрчөгүн (чек ККМ) берүүгө милдеттүү. Мындай эреже КРнын салык кодексинде, «Текшерүүчү кассалык машиналарды онлайн режимде иштөөсүн киргизүү механизмдеринин ыкмалары жөнүндөгү» КРнын Өкмөтүнүн токтомунда жазылган.  
  4. Сотко арыз менен кайрылыш керек. «Мамлекеттик алымдар (пошлина) жөнүндөгү» КРнын мыйзамына ылайык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо иштери боюнча арыз ээси алына турган алымдардан (пошлина) бошотулат.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү