Бишкекте канча айыл өкмөтү бар жана алар эмне иш кылышат?

Автор: Жибек Кенжебекова

Жакында биздин дарегибизге суроо келип түштү. «Бишкекте канча айыл өкмөтү бар жана алар эмне иш кылышат? деген суроо экен.

КРнын Өкмөтүнүн алдындагы өз алдынча башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги берген маалыматка ылайык өлкөбүздө 453 айыл өкмөтү бар, анын ичинен 378и дотацияда отурат(өзүн өзү толук камсыздай албагандыктан бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт). Шаарда айыл өкмөтү жок. Бир гана шаардык кеӊеш менен шаар мэриясы бар. Борбор калаабыз Бишкек өзгөчө макамга ээ жана 4 административдик райондордон (акимчиликтерден) турат: Октябрь райондук акимчилиги, Биринчи май, Свердлов жана Ленин райондук акимчиликтери.

КРнын конститутциясы өз алдынча башкарууга (МСУ) өз кызыкчылыгына жараша жана жоопкерчиликти моюнга алуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чече алган жергиликтүү коомчулукка кепилдик укуктарды аныктап берген. 

КРнын «Өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык:

  1. Айылдык аймактарда аткаруу бийлигин ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтү иш жүргүзөт.
  2. Айыл өкмөтү айылдык кеӊештин депутаттарына өз ыйгарым укуктарын аткарууда, шайлоочулардын алдында отчет берүүдө жана аны даярдоодо көмөк көрсөтөт.
  3. Айыл өкмөтү өз ишмердигинде айылдык кеӊешке баш ийет жана ага отчет берет. башка өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарымдары боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга баш иет.  
  4. Өз ыйгарым укугуна жараша айыл өкмөтүндө кабыл алынган чечимдерге айыл өкмөт башчысы кол коет.
  5. Өз ыйгарым укугуна жараша чыгарылган айыл өкмөтүнүн актылары тиешелүү аймакта иш жүзүнө ашууга тийиш.  
  6. Айыл өкмөттүн түзүмүнө аймактык дарыгер (участковый врач), мал доктуру (ветеринарный врач), жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкери  (сотрудник органов внутренних дел (участковый инспектор) кирет.

Аймактык дарыгер, мал доктуру жана милиция кызматкери айыл өкмөткө Өкмөт бекитип бергендей штаттык тартипте контракттык негизде кабыл алынат.

Айыл өкмөттүн милдетине төмөнкү иш-аракеттер кирет:

1) айыл өкмөт аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аны айылдык кеӊеш бекемдеп бергенден кийин аны ишке ашырууну камсыз кылат;

1-1) жыл сайын эл алдында аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча ачык отчет берет;

2) жергиликтүү бюджетти иштеп чыгып, аны айылдык кеӊеш бекитип бергенден кийин иш-жүзүнө ашырат;

3) архитектура менен маданиятты жана тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

4) жаӊы иш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аны ишке ашырат;

5) маданий жана социалдык объектилерди, турмуш-тиричилик буюмдарынын жана чарбалык жабдуулардын иштешин камсыз кылууда керектүү болгон менчиктештирүү жана аларды айыл өкмөттүн карамагына өткөрүп алуу иштерине катышат; 

6) аймакты көрктөндүрүүдө жана турак-жай чарбасын,ошондой эле фондду өнүктүрүүдө иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;

7) жеке менчиктеги жана айыл-чарба багытындагы жерлерди ыӊгайлаштырып пайдалануу иш-чараларын иштеп чыгып, аны ишке ашырат; 8) аймакта куруу иштерин жүргүзүүдө  башкы планды иштеп чыгып,аны ишке ашырат жана архитектура менен шаар курууда эреже менен нормалардын сакталышын көзөмөлдөйт.   

9) табигый кырсыктарды, өзгөчө кырдаалдарды эскертүү боюнча чукул жана уюштуруу-практикалык иш-чараларын,ошондой эле аларды алдын алуу иштерин жүргүзөт.

9.1) мамлекеттик-жекелик өнөктөштүк долбоорлорун издеп, демилгелейт.  Кыргыз Республикасынын “КРдагы мамлекеттик-жекелик өнөктөштүк жөнүндөгү” мыйзамына ылайык мамлекеттик-жекелик өнөктөштүгү жөнүндөгү макулдашууларды бекитет;

9.2) жергиликтүү калкка укуктук-кеӊеш берүү системасын иштеп чыгып аны ишке ашырат;

10) КРдагы мыйзамдарга ылайык дагы башка ыйгарым укуктар менен милдеттерди аткарат.

Ой-пикир кошуу

кирүү