Пляждагы коркунуч: скутерден этият болуӊуз!

Cүрөт / Tourist.kg

Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова

Интернет айдыӊында көпчүлүк эл көл жээктериндеги скутерлердин кожоюндарына нааразы экендиктерин жазып жатышат. Алардын ою боюнча скутер тебүү пляжда эс алып жаткандар үчүн абдан коркунучтуу жана кооптуу. Ошондой эле экологияга терс таасирин тийгизет. 

“Скутер тепкендер чоӊ ылдамдыкта көлдүн жээгинде сууга түшүп жаткандардын арасында эле жүрүшөт. Сууда чоӊдор менен катар жаш балдар да бар”,-деп комментарийлерин жазышкан.

Бул маселенин чоо жайын билүү үчүн биз Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик техникалык инспекция кызматына жана КРнын унаа жана жол министрлигине кайрылдык.

Унаа министрлиги бул маселеде кичине  көлөмдөгү  суу кайыктары жана кичи унааларын пайдалануу боюнча эрежелер карманыш керек дейт.

Эреже боюнча:

“Калктуу пункттарда аз көлөмдөгү суу кайыктары саатына 40 кмден ашпаган ылдамдыкта жүрүш керек. Пляж менен сууга түшүү жайларында болсо саатына 15 кмден ашпаган ылдамдыкта жүрүшү зарыл. Инспекция уруксат берген кичине көлөмдөгү кайыктар жана куткаруучу кайыктардан башка сууга түшүү жайларына жана пляждарга кайыктарды алып кирүүгө тыю салынат”.   

Бул- скутер жана башка кичине көлөмдөгү кайыктардын пляждын аймагында жүрүүсүнө тыю салынат дегенди билдирет. Сууга түшүп жаткан эс алуучулардын коопсуздугу үчүн скутерлер өзүнчө алыста жүрүшү шарт.  

Мамлекеттик техинспекция кызматынан билдиргендей эрежелер бузулган учурда бардык жоопкерчиликтер ижара ээлерине, пансионаттын жетекчилигине жүктөлөт. А эми ушул эрежелердин сакталышын мамлекеттик техникалык инспекция жана райондук мамлекеттик администрация көзөмөлдөш керек. Көлдүн булганышы жана пляждын кирдеши боюнча мамтехинспекция кызматы кичине көлөмдөгү кайыктар келтирген зыяндын деӊгээлин текшерүүчү тиешелүү аппаратура жок экендигин билдирди. Ушуну менен катар мамтехинспекция кызматы тарабынан буга чейин эки контакттуу кыймылдаткыч менен иштеген кичи унааларга тыю салганын билдирди. Анткени алар чыгарган аба булгаган уулуу заттардын деӊгээли алда канча көп болгон.

Эреже бузгандар үчүн төмөнкү айып салынышы мүмкүн:

  • Эскертүү;
  • Кичи көлөмдөгү кайык же унааларды айып аянтчасына токтотуу, мында кичи көлөмдөгү кайык же унаа кожоюндары унаасы турган мезгилди өз чөнтөгүнөн төлөшөт.
  • эки жылга чейин кичи көлөмдөгү унаа же кайыктардын айдоочусун айдоочулук укуктан ажыратуу;
  • КРнын администрациялык жоопкерчилик туурасындагы Кодексине ылайык айып пул төлөө.

Ой-пикир кошуу

кирүү