БУУнун сунуштамасы: укукту басмырлоого каршы мыйзамдарды иштеп чыгуу

Макаланы жазган: Алев Мамытова

2014-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча комитети Кыргызстандын докладын карап чыгып, 30 маселе боюнча каршы пикирин билдирип, эскертүү берген. Алардын бири бул – укукту басмырлоого каршы мыйзамдардын жоктугу.  Андан 4 жыл өткөн соӊ Жогорку Кеӊештин депутаты Альфия Самигулина (КСДП) «Теӊдикти камсыз кылуу жөнүндө» КРнын мыйзамын даярдады.

Укукту басмырлоону жойгон, аны пайда болоору менен ордунда баскан жана аны алдын алууну камсыз кылган, Кыргыз Республикасында теӊдикти камсыз кылуу борборун түзүүнү депутат айым сунуштап жатат. Бул борбордун маанилүү иш-аракеттеринин бири болуп укукту басмырлоого каршы экспертизаларды жүргүзүү болуп саналат. Самигулина сунуштаган бул борбор нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна оӊ же терс корутунду бермекчи жана учурда иштеп жаткан мыйзамдарга сын пикирлерин жана сунуштарын айтып турмакчы.

Ошондой эле борбордун кызматкерлери укугу басмырланган фактылар боюнча иш алып барышат. Каралган маселелер боюнча бул мекеме өзүнүн чечимин чыгарат.

Маанилүү! Мыйзам долбоордо борбордун чечими менен макул эместердин укугу жазылган эмес жана алардын, чечим боюнча соттук териштирүү аркылуу маселени чечүүсү да көрсөтүлгөн эмес.

Борбордун курамы:

Борбор 5 мүчөдөн турат, ал жарандар эч бир саясий партияда мүчө болуп турбаш керек. Бул курам 4 жылга шайланат жана эки жолудан ашпаган мөөнөттө гана иштей алат. Төрагадан башка мүчөлөр ар бир отурум үчүн орточо айлыктын 10 пайыздык акча каражатын сыйлык катары алып турушат. Бүгүнкү күндө бул акча каражаты 1819 сомду түзөт.

Шайлоо тартиби

Борборго мүчө болгусу келген талапкерлер өзү каалагандай парламенттик көпчүлүккө же болбосо Жогорку Кеӊештеги парламенттик оппозицияга арыз менен кайрылат. Тапшырылган бардык документтер өз өзүнчө өткөн көпчүлүк коалициясынын жана оппозициянын отурумдарында каралат. Тапшырылган бардык арыздарды карап чыгып парламенттик көпчүлүк 3 талапкерди тандап алат. Ал эми оппозиция тарап 2 талапкерди тандайт.  Андан соӊ борборго мүчөлүккө өткөн бардык талапкерлердин бирдиктүү тизмеги түзүлөт. Акыркы этабында бардык депутаттар тандалып алынган талапкерлерди бекитет. Добуш берүү ар бир талапкерди жеке талкуулабай туруп ачык жүргүзүлөт. Эӊ аз дегенде 50 депутат бирдиктүү тизмени кабыл алган болсо, демек, талапкерлер шайланды деп эсептелинет.

Чет элдик тажрыйба

Улуу Британия өлкөсүндө укукту басмырлоого каршы 100дөй нормативдүү актылар иштейт. Кыргызстанда 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан мыйзам долбооруна мааниси жагынан алардын теӊчилик жөнүндөгү акты окшош жана жакын.

2004-жылдан бери мындай мыйзамдар Финляндияда, Венгрияда, Словакияда жана Болгарияда иштеп келе жатат. Укукту басмырлоого тыю салган бирдиктүү мыйзам 2009-жылы Швецияда бекитилген.

2006-жылы теӊ мамиле кылуу жөнүндөгү мыйзам Германияда кабыл алынган. Ал эми укукту басмырлоого каршы иштеген жаӊы мыйзамды Греция 2016-жылы кабыл алды.

“Теӊдикти камсыз кылуу” мыйзамы Молдовияда 2013-жылдан бери иштеп келе жатат. Грузия менен Украинанын Парламенти мындай мыйзамдарды 4 жыл мурун кабыл алган.

Укукту басмырлоого каршы мыйзамынын элементтери Польшанын, Чехиянын, Италиянын, Румыниянын, Хорватиянын, Нидерланд өлкөсүнүн жана и Ирландиянын актыларында бар.

Ой-пикир кошуу

кирүү