Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар киреше алып келчү ишмердик менен алектене алабы?

Иллюстративное фото / Flickr

Автор текста: Жибек Кенжебекова

Биздин дарекке суроо жөнөтүлүптүр:

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар киреше алып келчү ишмердик менен алектене алабы?»

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу өзгөчө макамга ээ. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бул – Кыргыз Республикасынын конститутциясы өз алдынча башкарууга (МСУ) өз кызыкчылыгына жараша жана жоопкерчиликти моюнга алуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чече алган жергиликтүү коомчулукка кепилдик укуктарды аныктап берген.

Ушул укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюму өзүн өзү жетиштүү камсыз кылыш керек. Тагыраак айтканда киреше деӊгээли чыгашадан алда канча көп болушу зарыл. 

Эске салсак, Кыргызстандын 82 пайыз айыл өкмөттөрү дотацияда отурат, башкача айтканда аларды Өкмөт каржылайт.

Демек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги максаттарынын бири бул өзүн өзү камсыз кылуу, өзүн өзү жөнгө салуу жана өзүн өзү каржылоо болуп саналат. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы катары жергиликтүү салыктан түшкөн каражаттар менен топтомдор, башка жактан түшкөн каражаттар, республикалык денгээлде бөлүнгөн салыктар жана кирешелер, башка которуулар жана өз ыктыяры менен чогултулган же которулган каражаттар саналат. Бул каражаттар башка деӊгээлдеги бюджетке алынбайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлктөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун акча каражаттары, баалуу кагаздар, ушул аймактагы жаратылыш байлыктары,жарандык укуктагы башка объектилер, ошондой эле тиешелүү аймакта ишмердик жүргүзгөн мекеме-ишканалар түзөт. Жергиликтүү салыктан түшкөн каражаттарга:

1) муниципалдык мүлктү пайдалануудан жан аны башкаруудан түшкөн кирешелер;

2) айыл-чарба багытындагы жерлерди бөлүштүрүү Фондусунун жерлерин пайдалангандар төлөгөн ижара акысынан түшкөн каражаттар;

3) КРнын мыйзамдарына ылайык аткарган эмгеги жана көрсөткөн кызмат акысы үчүн жергиликтүү бюджеттик мекемелер төлөгөн каражаттардан түшкөн кирешелер; 

Жогоруда жазылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  төмөндөгүдөй жыйынтыкка келебиз – жергиликтүү өз алдын ча башкаруу органы өзүн өзү каржылаш үчүн киреше түшчү ишмердик менен алектениши керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү