Салыктын атайын жактоочулар (адвокаттар) менен нотариустар үчүн жеңилдетилген түрүн ойлоп табышты

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги  жактоочулар(адвокаттар) жана жеке нотариустар үчүн салык төлөөнүн атайын тартибин иштеп чыкты

Жаны тартип боюнча жактоочулар менен нотариустар  көрсөткөн кесиптик жардамынан[1] түшкөн кирешесинен салык  төлөнөт. Салыкты төлөө жана аны эсептөө шарттары салык төлөөчүлөрдүн  эки  категориясына тең бирдей жүргүзүлөт.

Мында жактоочу кандай иштеп жатканынан көз каранды эмес(жактоочунун өздүк расмий иш бөлмөсү болобу, жактоочулар коллегиясыбы же жактоочулардын бюросубу). Жактоочу кандай түзүлүштө иштебесин салыктын эсеби бирдей жүргүзүлөт. 

Ал расмий документте салык төлөөчүлөр төмөнкү кызматтарга төлөгөн чыгашаларын эсептен чыгарууга укуктуу:

  • Кесиптик уюмдарга төлөгөн мүчөлүк төлөмдөрү;
  • Жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздоого кеткен төлөмдөр;
  • Ижарага алган имаратка кеткен төлөмдөр, коммуналдык төлөмдөр;
  • Байланышка жана унаа кызматтарына кеткен төлөмдөр;
  • Мөөр, штамп жасатууга жана күбөлүктөргө жазууларды басууга кеткен чыгымдар;
  • командировкалык чыгымдар;
  • бирөөнү жалдап иштетүү;
  • эмеректерди, кеңсе техникаларын,атайын алынган китептерди, кеңсеге керектелчү иш-кагаздар буюмдарын сатып алууга кеткен чыгымдар;
  • электрондук жана маалыматтык системаларды иштетүүгө кеткен чыгымдар;
  • архив фондун түзүүгө жана аны чогултууга кеткен чыгымдар;
  • стандарттуу муктаждыктарга кеткен эсептөөлор(жеке өзүнө байланышкан эсептөөлөр – 650 сом, жактоочу же нотариус баккан жакындары(балдары,үй-бүлөсу жана ата-энеси, мамлекеттик социалдык камсыздоого кеткен төлөмдөрдү эсептен чыгаруу, мамлекеттик эмес пенсиялык фондко кеткен төлөмдөрдү эсептен чыгаруу;
  • социалдык төлөмдөрдү эсептен чыгаруу( салык төлөөчүнү окутууга кеткен төлөмдөрдү эсептен чыгаруу жана анын 24 жашка чейинки багууга көз каранды болгон жакындары.

Жыйынтыгында, киреше менен чыгашанын ортосундагы айырма салыктын 10% бирдигине көбөйтүлөт.

Салыктын суммасы төмөнкү  формула  менен аныкталат:

Салык= Салык базасы х 10%

Салык базасы= Киреше – эсептен чыгарылган сумму (чыгаша)

Каражаттар ар бир 3 айда республикалык бюджетке которулуп турат. Ошондой эле, квартал сайын салык боюнча отчет беришет.

Салыктарды төлөө жана ар бир квартал сайын отчет берүү жактоочулардын бирдиктүү салык декларациясын төлөөдөн бошотпойт.Салык төлөөчүлөр салык органдарына   жыл сайын 1-апрель күнүнө чейин бирдиктүү декларацияны тапшырууга  милдеттүү. “Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана жактоочулук ишмердик жөнүндөгу” мыйзам боюнча адвокаттар көрсөткөн юридикалык жардам акча тапчу ишкерликке кирбейт.

Нотариустарда ушундай эле жагдай. “Нотариат жөнүндөгу” мыйзамда нотариустар ишкерлик  же башка ишмердик менен алектенүүгө укугу жок деп жазылган. Алар бир гана нотариалдык жана илимий-агартуучулук менен алектениши керек деп көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө жактоочулар менен нотариустар салык кызматында жеке ишкер катары учетко турган. Анткени, алардын төлөгөн салыктарын тескеп ирээтке келтирчү мыйзамдар жок болчу.

«Ушуга байланыштуу нотариустар учетто турган салык кызматынан чыгып, жеке ишкер субъектинен да кетиш керек.Алар салык төлөбөй калышат. Салыкты төлөтүп, бюджетти толтуруу маселесин чечүүдө жеке нотариустар дагы жактоочулардай (адвокаттардай) эле атайын тартиптеги салык төлөө түрү менен милдеттендирилет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү  киигизген соң,“укуктук жана техникалык мүнөздөгү  кызматтарды” көрсөтүүдө тарифтерди иштеп чыгып,аны ишке киргизүү  керек” — деп жазылат тактама-негиздемеде.

Юстиция министрлигинин пикири боюнча жактоочулар менен нотариустар үчүн атайын салык түрүн  киргизүү  аларды  көмүскөдөн алып чыгып,респуликалык бюджетти белгилүү  деңгээлде толтурууга мүмкүнчүлүк  түзүлөт.

[1] Кесиптик жардам — бул, жактоочулар (адвокаттар) жана нотариустар тарабынан көрсөтүлгөн төлөнүүчү  же акысыз негизде көрсөтүлчү кызматтар.

Ой-пикир кошуу

кирүү