Айлыкты төлөбөй кою

Көп жыл бою ички иштер органдарында иштеп жүрүп 2016-жылы ардактуу эс алууга чыккан жарандар биздин дарекке бир нече суроолор менен кайрылышкан. Ардактуу эс алууга чыккандыгына байланыштуу ал жарандарга пенсия алдынан көтөрүлгөн (подъемная денежная сумма)акча каражаты эсептелген.Бизге кайрылган жарандардын айтымында учурда ошол чогулган акча каражатын толук алышкан эмес. Алынбай калган акча каражаты жарандарга бир жарым жылдан бери берилбей келген. 

Себеби эмнеде?

Бул маселе боюнча ошол ички иштер органдарынын жетекчилиги мурун иштеп кеткен кызматкерлердин айлык акысын бере албай, мекеме аларга карыз экенин тастыктады. Ошондуктан, учурда ал каражаттын баарын төлөп берүү мүмкүнчүлүгү болбой жатканын айткан.

Кырдаалга байланыштуу аталган мекеме ай сайын бөлүп төлөй турган болгонун билдирди. Жогоруда жазылгандардын негизинде «Прецедент» юридикалык компаниясына кайрылган жарандарга КРнын Эмгек кодексинин 157- беренесине ылайык маалымат берилди:

«Иш берүүчү тарап кызматкер жумуштан бошотулган(бошогон) күнү эле ал жаранга тиешелүү акча каражатын эсептеп,колуна бериши керек(айлык маянасын, эмгек өргүүгө чыкпай калган күндөрүнө төлөнүп берилчү каражат жана иштен кеткен жаранга берилчү башка бардык акча каражаттарын төтлөп берүү). Иштен кеткен жаранга өз убагында берилбей калган бардык акча каражатын бербей кармагандыгы үчүн иш берүүчү тарап үстөк түрүндө төлөп берүүчү материалдык жоопкерчиликте болот. Ар бир өтүп кеткен календардык күн үчүн төлөнбөгөн(берилбеген) акча каражатынын 0,5% өлчөмүндө кошумча акча төлөп бериши керек. Мекемеде акча каражатынын жетишсиздиги эсептелген акчаны бербей кою негиз катары саналбайт. 

КРнын жарандарынын укуктары бузулуп жатканын эске алып, аларга төмөнкү сунуштар берилди:

— маселени сотко чейин жеткирбей чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу;

— сотко чейин жеткирбей маселени чечүү мүмкүн болбосо анда сот органдарына арыз менен кайрылуу.

Ой-пикир кошуу

кирүү