Курулуш тармагын жөндөө аракети жүрүп жатабы?

Экмат Байбакпаев аттуу депутат архитектура-курулуш тармагын оӊдоого
киришти. Ал үчүн депутат «Кыргыз Республикасынын
нормативдик-укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүүнү сунуштайт.
Анын айтымында союз мезгилинде курулуш тармагында атайын нормалар
менен эрежелер иштечү. Курулуштагы нормалар менен эрежелер (КНЭ) –
нормативдик укуктук акт катары юридикалык күчкө ээ болгон сөзсүз аткарылчу
жалпы маанидеги иш-чаралар.
КРнын «Нормативдик укуктук актылар жөнүндөгү» жана «Техникалык
жөндөштөрүүнүн негиздери» мыйзамдары киргизилгенден тартып ар түрдүү
кыймылсыз мүлктөрдү куруу жана долбоорлоо боюнча нормалар менен
талаптарды аныктаган бардык нормативдик-техникалык документтер сунуштоо
түрүнө өтүп кеткен. Ал курулуш долбоорлорун ким,качан иштеп чыгып
бекиткенине карабай сунуш катары эле каралып калды деп эсептейт депутат.
Ал документтердин сунуш иретиндеги мүнөздө экенине карабай мамлекеттик
органдар куруучулардан бул эрежелерди аткарууну талап кылышат.
Байбакпаевдин ою боюнча “техникалык мүнөздөгү нормативдик укуктук акт”
деген түшүнүктү киргизүү менен бул көйгөйдү чечсе болот.
Техникалык мүнөздүгү нормативдик укуктук акт – бул эрежелерди аныктайт
жана аны ишке ашырат, анын жалпы принциптери, түрдүү багытта колдонсо
боло турган өндүрүлгөн продукциянын мүнөздөмөсү жана талаптары, ошондой
эле продукциялардын сапатын камсыздоо жана коопсуздугун сактоо болуп
саналат.
Жогорудагылар менен кошо бул термин кабыл алынганда нормативдик укуктук
актылар жөнүндөгү мыйзамдар менен өкмөттүн токтомдорунун ортосундагы
карама каршылыктарды жоёт. Ал токтом боюнча курулуш нормалары менен
эрежелерди бекитип жүргөн Өкмөт көрсөтмөлөр менен башка %D

Ой-пикир кошуу

кирүү