Бычак менен жаракат кылууга айып пул салуу

Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова

Жогорку соттун расмий сайтында Ош областындагы окуя туурасында маалымат жазылган. Анда аялы жаӊжал учурунда мурунку күйөөсүнүн аялынын алаканына, жамбашына жана чатына бычак сайганы айтылат. Жыйынтыгында сот бычак сайган аял 2000 сом өлчөмүндө айып пул төлөш керектиги жөнүндө токтом чыгарган.

Бул жаӊылыкты окуп өз ой-пикирлерин калтырган жарандар жеӊил жаза берилгенин айтып нааразы болушкан. Алар бычак сайган аялды катуураак
жазалаш керек деген пикирде.
Биз окурмандардын суроосуна жооп берели деп чечтик.

Бул окуя Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 112-беренесине
туш келет. Анда минтип жазылган: «Бирөөнүн ден-соолугуна атайын
залал келтирсе, анын ден-соолугуна азыраак залал тийип же иш жөндөмү
анча туруктуу болбой калса — анда, залал келтирген жаран 180 – 240
сааттык коомдук жумуштар менен жазаланат же 5000 сом өлчөмүндөгү
айып пулга жыгылат, же болбосо бир жылга чейинки түзөтүүчү иштерге
жөнөтүлөт же бир жылга чейинки убакытка эркинен ажыратылат».
Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексине карата берилген
практикалык комментарийге ылайык ден-соолукка жеӊил залал
келтирүүгө ден-соолукка залал келтирүү учурунда өмүргө коркунуч
жаралбаганы же адамдын саламаттыгы узак убакытка бузулбаганы кирет.

Кыска убакытка бузулган саламаттык дегенди ооруп калуу же кайсы бир
органдын 6 күндөн ашык, бирок 3 жумадан ашпаган убакытта иштебей
калышы деп түшүнүш керек. Башкача айтканда 7 күндөн 21 күнгө чейин саламаттыгы бузулса эсептелет.

Туруктуу иш жөндөмүн аз өлчөмдө жоготуу деген бул иш жөндөмүн 10
пайыздан кем жоготту дегенди билдирет.

Бул ишти тергеген тергөөчү же сот саламаттыктын бузулушунун узактыгы туурасындагы маселени чечүүдө ден-соолукка тийген залалды аныктаган соттук-медициналык эреженин негизине таянышкан. Ал таянуу соттук-медициналык экспертизанын корутундусунан келип чыккан. Айып пул салуу чечимин кабыл алган сот айыпты 5000 сом өлчөмүндө төлөнсүн
деп аныктаса болмок. Сот айып пулдун өлчөмүн 2000 сом деп аныктаган соӊ демек, жараат алган жаран иш жөндөмүн азыраак жоготкон деген чечимге келсе керек.

Кылмыштардын классификациясы боюнча бул кылмыш анча оор эмес
кылмышка кирет.

Окуя жөнүдөгү толук маалымат kaktus.media сайтында жайгашкан.

Ой-пикир кошуу

кирүү