«Прецедент 2017» сыйлыгы

Мирбек Асангариев, Социалдык ишкерлер ассоциациясынын директору

Сүрөттөрдүн автору: Jaken Chotoi

2018-жылдын 20-февралында «Бриджес» мейманканасында жыл сайын берилүүчү «Прецедент» сыйлыгын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул сыйлык “Прецедент” өнөктөштөр тобу тарабынан 2016-жылы негизделген. Сыйлык адаттан тыш,жаӊы жол,түшүнүк же буга чейин болбогон, адамзат баалуулугуна негизделип, жүрүм-турумдун жана өнүгүүнүн жаӊы прогрессивдүү моделин түзө алган инсандарга ыйгарылат.

«Прецедент» сыйлыгы моралдык жактан колдоп гана тим болбостон, сыйлыкка татыктуу инсандардын  кесибине жараша жана чыгармачылык ишмердигин эске алып алардын окуп үйрөнүүсүн жана өнүп өсүүсүн каржылайт.

«Прецедент 2017» сыйлыгынын лауреаты болуп жаш ишкер Мирбек Асангариев аталды. Ал 2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген майыптар үчүн ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн мейманкана курган. Мейманкананын имаратын курууну баштоодо Мирбек Асангариев мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ыӊгайлуу шарт түзүүнү максат кылган эле. Бул аракети менен ал бардык стандарттар менен эжерелерди сактап курган мейманкана мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга ыӊгайсыз,шарты жок курулган имараттардан кымбат турбаганын далилдей алды. Майыптардын укуктары жөнүндөгү Конвенцияны ратификациялоодо көп чыгым кетет деп корккон мамлекетке караганда Мирбек Асангариев кеп акча каражатында эмес, адамга болгон сый-урмат менен кайрымдуулук баарынан жогору турганын көрсөттү.

Мындан сырткары, мейманкана курууда Мирбек Асангариев заманбап технологияларды пайдаланган — имараттын чатырындагы күндөн жылуулук алган батареялар мейманканага ысык суу берет. Кыш чилдесиндеги ызгаар суук үйдө жарык менен жылуулук такай тийиштүү деӊгээлде болушун адам өзү камсыздаш керектигин көрсөттү. Заманбап технологияларды туура пайдалануу адамды энергетикалык инфраструктурага көз каранды болуудан бошото турганын Мирбек Асангариев иш жүзүндө далилдеди.

Сыйлык ээси Мирбек Асангариевке «Прецеденттин» төш белгиси тапшырылып, Сингапурда өтчү бизнес-турга жолдомо берилди.  

Бизнес процесстерден тажрыйба алууга багытталган бул бизнес-турдун жолдомосун «Прецедент» өнөктөштөр тобу каржылады. Бул каражат жергиликтүү ишкерлердин ыктыярдуу төлөмдөрүнөн жана кайрымдуулук садагалардан чогултулган.

Төмөндөгү сүрөттөр  “Прецедент” сыйлыгын тапшыруу аземинде тартылган.

“Прецедент”сыйлыгы жөнүндө толук маалыматтар кийинки макалада.

Ой-пикир кошуу

кирүү