«Прецедент» сыйлыгы жөнүндө

Сүрөттүн автору: Jaken Chotoi

Сүрөттө «Прецедент-2017» сыйлыгынын ээси Мирбек Асангариев жана жыл сайын берилүүчү  «Прецедент» сыйлыгын ыйгаруучу Комитеттин мүчөлөрү: Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Бурул Макенбаева, Эркина Убышева, Гульнара Джурабаева, Сардар Багишбеков менен Нурбек Токтакунов.

Бул комитет «Прецедент» сыйлыгы  жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып барат. Комитет мүчөлөрү «Прецедент» сыйлыгына татыктуу инсандарды, талапкерлер менен лауреаттарды талдап тандоо иштерин жүргүзөт. Бул сыйлык адаттан тышкаркы окуяларга,мурда болбогон,жаӊы иштер менен кадамдарды жасай алган ишмердик үчүн ыйгарылат. Бул – маданиятта болобу, искусство, илим, юридикалык тажрыйбада болсун, медицинада, мамлекеттик ишмердикте жана башка көптөгөн тармакта адаттан тышкары ийгиликтерди жараткан, адамзат баалуулуктарына негизделип, жүрүм-турумдун жана өнүгүүнүн жаӊы прогрессивдүү моделин түзө алгандарга берилет дегенди түшүндүрөт. Прецедент – бул, кокустан эмес болгон жөнөкөй эле иш, окуя же кадам, адамдын жашоо түрү менен дүйнө таанымындагы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Комитет мүчөлөрү сыйлыкка татыктуу делген талапкерлерди талкуулоо үчүн ар бир үч айда чогулуп турушат. Кийинки жылдын январь айында сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлер тандалат.

Комитет сыйлык фондуна каражаттарды тартуу багытында да алгылыктуу иштерди алып барат. Бул каражаттар лауреаттын кесибине жана чыгармачыл ишмердигине жараша аларды окутууга жана өсүп өнүгүүсүнө жумшалат.

Урматтуу достор, биз өзгөрүүнү каалайбыз, ал өзгөрүүлөр менен жаӊылануулар качан келет деп арыз муӊубузду айтабыз. Өзгөрүүлөр өзү келбейт. Жаӊылануулар менен өзгөрүүлөр сөзсүз болот, бирок биз ага даяр эмеспиз, көп учурда аны түшүнбөйбүз. Өткөндү коё бербей, жаӊыны түшүнбөгөнүбүз  менен эски адаттарыбыз өзгөрүүлөргө каршы турган күч экени анык.

Ар бирибиз адаттан тышкаркы кадамдарды,жаӊычылдыкты жасай алабыз. Бул аракеттер менен «Прецедент» сыйлыгына талапкер боло аласыз же  татыктуу деп эсептелген талапкерлерди көрсөтө аласыз. Андыктан, өзгөрүүлөрдү алып келген жаӊы мейкиндик түзүүнү сунуш кылабыз.

Ой-пикир кошуу

кирүү