Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Сүрөт: Pixabay
Макаланы жазган: Замир Жоошев
Редакциябызга окурманыбыз кийинки суроо менен кайрылыптыр:
«Сот бир кишини күнөөлүү деп тапкан, бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байлыныштуу ага карата козголгон кылмыш ишин кыскартып койгон. Мындай учурда ал жаран соттолгон болуп саналабы?»
Эгерде сот айыптоо өкүмүн чыгарса жана ал өкүм мыйзамдуу күчүнө кирсе, ошондо гана адам соттолгон болуп саналат (Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренеси). Кандай гана негизде (кылмыш окуясы болбогон; жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткен; айыпталуучу жабырлануучу менен элдешип алган ж.б.) кылмыш иши кыскартылбасын – бул жарандын соттолбогондугунун көрсөткүчү.
Соттук териштирүү учурунда күнөөлүү инсанды жоопкерчиликке тартуу мөөнөтүү өтүп кеткени аныкталса, анда сот өкүм чыгарбай туруп эле кылмыш ишин кыскартууга милдеттүү. Эгерде иштин кыскартылышына соттоолуучу каршылыгын билдирсе – мындайда иштин каралуусу улантылат жана актоочу же айыптоочү өкүм чыгаруу менен аякталат (Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 3-болугу). Айыптоочу өкүм чыгарылып калса, анда соттолгон киши жазага тартылуудан бошотулат, бирок ал «соттолгон» деген макамга ээ болот. Айтылган макамдын укуктук кесепеттери соттолгондук жоюлганда же алынып салынганда гана токтойт (Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренеси).
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]