Сиз ар дайым жеңүүчүсүзбү? Социалдык тармактардагы акцияларга катышуудагы сиздин укуктарыңызды түшүндүрөбүз

Cүрөт: Pixabay

Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова

Көпчүлүк пайдаланган социалдык тармактарда (Facebook, Instagram жана б.у.с.) көптөгөн уюмдар өзүнүн ишмердигин рекламалаш үчүн түрдүү акцияларды уюштурат.

Мисалы, «N» аталышындагы соода фирмасы атайын акция уюштургандыгын жарыялап пост жазат. Анда кандайдыр бир шарттарды аткарып тигил же бул белекти утуп аласың делет.Эң көп айтылган шарты бул ошол фирманын соцтармактагы аккаунтуна жазылуу, лайк басуу жана фирманын аталышын белгилөө менен  бөлүшүү керектелет. Арасында, администратор белгилеген узун сөздү бир тамгадан жазып чыгышыңыз керек. Бул учурда сиздин комментарийиңизди эч ким бөлбөш керек деген шарт да кездешет. Ким тапшырманы так аткарса белгиленген белекти алат деп айтылат. Сиз баарын айтылгандай кылып жаздыңыз, сизди эч ким бөлгөн жок. Бирок сиз эч кандай белек утпай калдыңыз. Эмне үчүн?

“Анткени, тапшырманы биринчи аткарган адам утушка ээ болду”, — дешет акциянын уюштуруучулары.

Капаланбаңыз, чындыгында сиз утуп алгансыз.

Эмне үчүн мындай экенин түшүндүрөбүз.

Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине ылайык уюштуруучулардын иш-аракетинин бул түрү оферта болуп саналат.

“Оферта деп бир же бир нече адамга даректелген сунуш аталат. Сунуш кылган адамдын даректелген адам менен болгон келишими ал тарабынан кабыл алынат. Оферта келишимдин негиздүү шарттарын камтыш керек”.

Түшүндүрмө, биздин окуяда уюм оферта сунуштады, а сиз акцияга катышып жатып аны кабыл алдыңыз.

Эмесе,  «N» уюму негиздүү шарттарды сүрөттөп жатып келишимде белекти тапшырманы биринчи аткарган адам алат деп айткан жок.

Эми эмне кылыш керек? Сиз бардык шарттарды аткардыңыз го? Сиз убакыт короткон соң утуп алдым деген белегиңизди күтүп жатасыз да?

  • колдон келген далилдерди чогултуш керек;
  • укугуңуздун бузулганын айтып ушул уюмдун атына доо катыңызды жазыңыз;
  • сиз күткөн жооп келбесе же болбосо катыңызга эч ким көңүл бөлбөсө анда сотко арыз жазып кайрылышыңыз керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү