Жыйындын алгачкы бир жарым саат ичинде депутаттар эмнени талкуулашты?

Сүрөт: Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алев Мамытова

Депутаттардын кезектеги пленардык жыйыны эртең мененки саат 9:30да башталды. 120 депутаттын ичинен каттодон 109у өттү. Күн тартибиндеги “ар түрдүү маселелер” бөлүгүндө депутаттар социалдык-экономикалык маселелерди  көтөрүштү.

Депутат Дастан Бекешев мектептердин жетишпестигин айтты.  “Айрым мектептердеги класстарда 50дөн окуучулар окушат экен. Ал эми башка мектептерде бир кластта 30 окуучу бар. Бул не деген шайкеш келбестик”- деп кабатырланды депутат Бекешев. Ал өз сөзүндө турак жай куруучу компанияларга мектеп крууга каражат топтой турган фонд түзүүнү сунуш кылды. Депутат үйлөрдү курууда ошол үйдө жашай турган балдар кайсы мектептерге барышат жана кайдан медициналык жардам ала алышаары алдын ала эсептелет деди. Ошондой эле крулуш долбоорлонуп жатканда автоунаа өтүүчү жолдор эске алынбаарын айтты. Натыйжада жакынкы мезгилде унаа тыгыны мындан да көбүрөөк болушу ыктымал дейт депутат.

Айрым депутаттар таза суунун берилиши боюнча көйгөйлөр жаралганын айтты.  “Көпчүлүк айылдарда иче турган суу жок, суу бар жерде санитардык нормалар кармалбайт”, — деди депутат Айнуру Алтыбаева. Анын айтымында айрым райондордо 10,5 млн. еврого жабдуулар орнотулган. Бирок, ага карабай көп күн жааган жамгырдан соң иче турган суу булганыч агат.

Депутат Марат Аманкулов дренаждык система боюнча маселе көтөрдү. ”Учурда иштеп жаткан дренаждык системага тийиштүү көңүл бурулбай калган. Виноградное, Пригородное жана башка айылдарды такай суу каптайт. Токмок шаарын болсо кышында да жер астынан чыккан суу көтөрүлүп, жашоочуларга кооптуу абал түзүлгөн. Ушул чоң көйгөйдү азыр чечпесек анда бир нече жылдан кийин жерлерибиз сазга айланат деп эсептешет адистер”, — деди  депутат. Сөзүн жыйынтыктап жатып Марат Аманкулов дренаждык системалардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча маселени чечип беришин суранып, айтылган проблемаларды Өкмөт көңүлгө алышын  сурады.

Депутат Ирина Карамушкина Тогуз-Торо районундагы жугуштуу оорулар ооруканасында 1988-жылдан бери ремонт жүргүзүлбөгөндүгүн айтты. Бүгүнкү күндө оорукана имараты кымбат баалуу жабдууга муктаж экени жана 174 бала дарыгерлердин учетунда турганын белгиледи. 

Депутат Бакыт Төрөбаев жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн авиапаркты жаңылоо керектигин айтты. Бул маселеге ал Өкмөт менен авиадепартаменттин (КРнын унаа жана жол министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттиги) жетекчилигинин көңүл буруусун суранды.

Марлен Маматалиев жолдордогу коопсуздук маселесин көтөрдү. Бишкек-Ош жолундагы тоо өтмөккө(тоннель) кире бериш жерде 50 сомдон алынат. Ушул маселеге байланыштуу чара көрүүнү жана ал чогулган акча каражатын унаа кырсыктарын алдын алууга жумшоону суранды. 

Депутат Евгения Строкова болсо билим берүү маселесин көтөрдү.  “Бизде кореялык, финдердин билим берүү системасы болду. Эми азыр сингапурдун билим берүү системасы. … Ал ыкмалар неге иштебей жатат? … Канткенде билим берүүнүн сапаты оңолот эгерде 3000 мугалим кыскарылып жаткан болсо.Ошол эле учурда башка мугалимдерге кошумча 30 саат берилип жатат. Эмне үчүн мындай башаламандык орун алып жатат?”, — деген суроону депутат берди.

Тынчтык Шайназаров Ош областынын прокурорунун өлүмү боюнча маселе көтөрүп, бул ишти тыкыр иликтөөнү суранды

Жыйын учурунда депутаттар өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү төмөнкү деңгээлде экенин айтышып, сырткы миграция жана аймактардагы дарыгерлердин маянасы туурасында сөз кылышты.

Туризм маселеси боюнча иш алып барган атайын мекеме түзүш керек экендиги туурасында да пикир айтылды. Бул иш-аракеттер Кыргызстанга туристтердин келишин көбөйтөт деген сунуш болду.

Ой-пикир кошуу

кирүү