Белек ала турган адам дайынсыз жоголуп кеткен болсо белек берүү келишимин кантип жокко чыгарса болот?

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Precedentinfoнун окурманынан суроо келди:

“Саламатсыздарбы! Менин атам ардактуу эс алууга чыккан куракта. 10 жыл мурун атам өзүнүн үйүн жалгыз уулуна, менин иниме белекке берген болчу. Ошондо мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу кыймылсыз мүлк инимдин атына жазылган.Иним 2011-жылдан бери дайынсыз жок. Биз милицияга кайрылганбыз, аны издөөгө алышкан. Бирок, ошол бойдон иним табыла элек. Инимдин үй-бүлөсү жок болчу. Көп жылдан бери белекке берилген үйдө атам жашап келген. Айтып коесуздарбы, үйдүн белекке берилгенин жокко чыгарса болобу?  Үйдү кайрадан атамдын атына кантип жаздырсак болот?”

Жооп:

Кыргыз Республикасынын жарандык кодекси белекке берүүнү келишим катары жоромолдойт. Анда биринчи тарап (белекке берүүчү адам) белекке буюмду,мүлккө ээ болуу укугун берет же тескерисинче (белекти алып жаткан адамдан) талап кылат. Же болбосо белекке алчу адамды өзүнүн же үчүнчү тараптын алдында мүлккө ээ болуу укугунан.

Кыймылсыз мүлктү белекке берүү келишими кат жүзүндө жазылып, сөзсүз түрдө нотариустан күбөлөндүрүүнү талап кылбайт жана мамлекет тарабынан катталууга тийиш. Мамлекет тарабынан катталган соң белекке берүү келишими түзүлдү деп эсептелип, анын негизинде кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугу белекке алган адамга өткөрүлүп берилет.  

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жоболоруна ылайык (514-берене) белекке кийинки жолку берүүнү жооко чыгаруу сот аркылуу чечилет жана төмөнкү учурларда:  

а) эгерде белекке алган адам белекти берген адамдын же анын үй-бүлөсүнүн же болбосо анын жакын туугандарынын ден-соолугуна же өмүрүнө коркунуч келтирип атайын кылмышка барса. Бул факт далилденип, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акт менен бекемделиши шарт. Белекке алган адам белекти берген адамды атайылап өлтүргөн болсо белекке берүү келишимин жокко чыгарууну анын мураскорлору сот аркылуу талап кыла алат;

б) белекке алган адам каза тапса (эгерде мындай шарт үйдү белекке берүү келишиминде жазылган болсо).

Сиздин окуяңызда иниңиздин каза болгонун сот аркылуу белгилеп, андан соң өз баласынан калган үйдү биринчи кезектеги мураскер катары атаңыз белгилеп алышы керек. Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткарууну сунуштайбыз:

  1.  Иниңиздин каза болгонун жарыялаган арыз жазышыңыз керек. Анда, жоголгон жарандын аты-жөнү жана башка керектүү маалыматтар, эгер белгилүү болсо жоголгон себептерин жана таптырбай кеткен кырдаал жазылат. Ошондой эле каза тапкан деп табылышынын максаттарын да жазыңыз. Сиздин окуяңызда мындай себеп болуп мураскерликке киришүү аталат.
  2.  Жашаган жериңизге жараша райондук сотко арыз менен кайрыласыз.

Жаран каза тапкан болуш керек деген маалыматты ырасташ үчүн сотко далилдерди бериш керек. Ал далилдер күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү болушу мүмкүн, тасмага же сүрөткө тартылган материалдар, каттар, издөөгө алынгандыгы жөнүндөгү милиция бөлүмү берген тактама болушу мүмкүн. Соттун чечими чыгып,мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин ал чечим менен ЗАГС бөлүмүнө барасыз.Ал жерден жарандын каза тапкандыгын каттап, өлгөндүгү тууралуу тактама беришет. Жарандын өлгөндүгү туурасындагы тактаманын негизинде мамлекеттик нотариалдык конторада мураскерлик боюнча документ ачылат. Кийинчерээк ошол мурсакерликке укук болуу күбөлүгү берилет. Ошол колуңуздагы акыркы документ иниңиздин үйүн атаңызга жаздырууга негиз болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү