Абакта отургандарга жакын кишисин акыркы сапарга узатууга уруксаат берилеби?

Cүрөт: Pixabay

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Суроо:

Саламатсыздарбы! Менин досум уурулук боюнча соттолуп, абакта жаза өтөп жаткан кези. Учурда анын жакын тууганы катуу ооруп жатат. Эгер ал каза болуп калса, анда досума абактан чыгып келип, жакынын акыркы сапарга узатуусуна уруксаат берилеби?

Жооп:

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 69-беренесине ылайык өзгөчө жагдайларга байланыштуу (жакын тууганы өлгөндө же катуу ооруп, өмүрүнө коркунуч келсе; табигый кырсык соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтиргенде) абактардагы соттолгондорго жети суткадан ашпаган мөөнөткө абактын чегинен сыртка чыгып келүүсүнө уруксат берилиши мүмкүн. Жети сутканын ичине барып-келүү үчүн жолго зарыл болгон убакыт кирбейт.

Бирок, көрсөтүлгөн берененин эрежелери боюнча, абактын чегинен сыртка чыгууга кийинки учурларда уруксат берилбейт:

– өтө коркунучтуу кылмыш жасаган соттолгондорго;

– өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго;

– өмүр бою эркиндигинен ажыратуу, белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга өзгөртүлгөн адамдарга;

– ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарга;

– аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, ачык түрдөгү кургак учуктан, жыныстык оорудан дарыланууну аяктабагандарга;

– тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирген башка оорулардан жапа чеккендерге;

– эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөндө;

– ошондой эле коомдук коопсуздукка, конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы багытталган кылмыштардын кээ бирлери боюнча соттолгондорго.

Түзөтүү мекемесинин сыртына чыгууга уруксат соттолгон жарандын арызынын негизинде мекеменин жетекчиси тарабынан берилет. Арыз бир суткадан көп эмес мөөнөттө каралат.

Арызга өзгөчө себептерди далилдеген документтер (жакын тууганынын өлүмүн же катуу оорусун, анын өмүрүнө коркунуч туулганын; соттолгонго, же анын үй-бүлөсүнө, же анын жакын туугандарына материалдык зыян келтирген кырсыкты ырастаган фактынын документтери, аларды берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн) тиркелиши керек.

Соттолгон адам түзөтүү мекемесине белгиленген мөөнөттө кайра келүүдөн качканда, ал ички иштер органы тарабынан кармалат. Мындай учурда качкынды абака жөнөтүү же жазык жоопкерчилигине тартуу маселеси каралат.

Ой-пикир кошуу

кирүү