Буюмга тиркелген баа кассалык чектеги баага туура келбесе

Дүкөндөн буюм сатып алганда тиркелген баа менен кассага келгенде чекте жазылган баага туура келбеген учурлар аз эмес. Келгиле, мыйзам ким тарапта экенин талдап көрөлү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча сатуучу өз убагында сатып алуучуга  сатылып жаткан буюм жөнүндө маалымат бериши керек. Сатылып жаткан буюмдарга тиркелген баанын даана көрсөтүлгөнүн, анын аталышын жана бир даанага канча баа коюлганын даана,так көрсөтүүгө тийиш.

Буюмдарды сатууну көрсөтүү, үлгүлөрдү белгилөө же сатылчу буюмдар жөнүндө маалымат берүү мыйзам боюнча ачык сунуштоо (публичная оферта), башкача айтканда сатуу келишимин түзүү болуп саналат. Бул учурда буюмдун баасы негизги шарт коючу болуп калат. Сатып алуучу макул болгондон кийин сатуучу буюмдун баасын өзгөртө албайт же болбосо сатуудан баш тарта албайт.

Жыйынтык: сиздин окуяңызда буюмга тиркелген баа боюнча буюмду сатууну сатуучудан талап кылууга толук укугуңуз бар.

Эгерде дүкөндүн администрациясы сиздин талапты аткаруудан баш тартсачы?

  1.  Далилдөөчү нерселерди чогултуш керек: буюмга тиркелген бааны сүрөткө тартып алыңыз жана сатуучу талашты тынчтык жолу менен чечкиси келбеген учурда дүмүрчөктү сактап коюңуз;
  2.  Дүкөндүн администрациясына талабыңызды айтыңыз. Маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылыңыз: буюмдун баасын буюмга тиркелген баада көрсөтүлгөндөй эсептеп берүүсүн талап кылыңыз. Эгерде төлөп койгон болсоңуз анда айырмасын төлөп беришин талап кылыш керек.
  3.  Эгерде сатуучу сизден кеткен ашыкча чыгымды төлөгүсү келбей, тиркелген баа менен чектеги баанын айырмасын төлөп берүүдөн баш тартса Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине же сот органдарына кайрылыңыз.

Кандай болгон күндө да буюмга тиркелген баадан ашыкча төлөөгө милдеттүү эмессиз. Каалаган баага сатып көнүп калган уятсыз сатуучуну жоопкерчиликке тартууга бардык мүмкүнчүлүктөрүңүз бар.  Административдик кодексте жазылгандай жоопкер жеке жаран болсо 500 дөн 1500 гө чейинки, ал эми уюм же компания болсо анда 10 000ден 30 000 сомго чейин айып пул төлөйт.

*Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пошлина жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иштери боюнча сотко кайрылган арыз ээси пошлина төлөөдөн бошотулат.

Ой-пикир кошуу

кирүү