Өз каалоосу менен ишембиликке чыгуу

Ишембилик деген түшүнүк Советтер Союзу урагандан кийин калган көз карандысыз мамлекеттерде кеңири тараган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында “ишембилик” деген терминге эч кандай аныктама берилген эмес, бирок бул иш-чара жумуштан сырткаркы кайтарымсыз, өз каалоосу менен кылынган эмгек катары эсептелет. Чогуу иштеген жамаат ишембиликте кандайдыр бир аймакты тазалап, ирээтке келтирет. Бирок, ишембиликке көпчүлүк учурда зордоп катыштырышат.

Эмгек мыйзамдарына ылайык: “Жумуш берүүчү өз кызматкеринен эмгек келишимде жазылбаган ишти аткаруусун талап кыла албайт”. Ал эми жумушту зордоп жасатууга Кыргыз Республикасынын Конститутциясы тыю салат.

Жабырлануучу адатта жетекчиликтен коркуп өз укуктарын коргоого аракет кылбайт. Анткени, жаңы жумуш издегенден көрө жумуштан алып салууга шылтоо табуу оңой да. Эгерде өз укуктарыңызды коргойм десеңиз анда төмөнкү кеңештер сизге чоң жардам берет:

Ушундай учурларда алгач маселени жетекчиликке кат жолдоо аркылуу тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылыш керек. Катты даректелген адамдын колуна атайын барып тапшырыш керек. Катты алган адам сиздин экземплярга “алдым” деп кол коюп бериши зарыл. Же болбосо кабарлоо менен тапшырык кат жөнөтүш керек.  

Эгерде терс жооп алсаңыз анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын эмгекти коргоо жана эмек мамилелери башкармалыгына арыз менен кайрылыш керек.

Мамлекеттик органга жазган сиздин кайрылууңузду алар эки жума убакыттын ичинде карап чыгаары эсиңизде болсун. Анткени бул норма “Кыргыз Республикасынын Өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматтардын жеткиликтүү болуусу жөнүндөгү” мыйзамы менен бекитилген.

Ой-пикир кошуу

кирүү