Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөнөт

Cүрөт: Sputnik

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Жогорку Кенештин депутаты Торобай Зулпукаров судьяларды тандоо боюнча кенештин мамлекеттик кызматты ээлебеген мүчөлөрүнө ай сайын материалдык сый акы төлөөнү сунуштады. Тактап айтканда, «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасындагы мыйзамдолбоору коомдук талкууга коюлду.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңештин (мындан ары – Кенеш) мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта, акысыз жүзөгө ашырат. Кеңештин иш жүргүзүү убагында анын мүчөлөрү өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алардын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат.

Бирок Кенештин мүчөлөрүнүн баары эле мамлекеттик кызматтарда иштешпейт. Мисалга алсак, Кенештин мүчөлөрүнүн арасында жеке юристер бар. Мыйзамга ылайык Кенештин мүчөсү болуп турган учурда сотто жактоочу же тараптардын өкүлү катары катышууга юристерге тыйуу салынган. Мындан улам алар Кешентин ишмердүүлүгүндө катышып жаткан кезинде кирешесиз калышат.

Көрсөтүлгөн себептерден улам депутат мыйзамдолбоорун демилгелеп жатат. Эгер документ Жогорку Кенеш тарабынан жактырылса, анда сотторду тандоо кенешинин мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнө ай сайын материалдык сый акы төлөнөт. Материалдык сый акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө жана республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Ой-пикир кошуу

кирүү