Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Сүрөт / Pixabay
Автор: Замир Жоошев
Суроо:
Эгерде жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) өзүнүн юридикалык дареги катары бардык документтерде бир даректи көрсөтсө, бирок чындыгында башка даректе жайгашкан болсо – мындай уюмду жоопкерчиликке тартса болобу?
Жооп:
Уюмдун юридикалык дареги – бул анын аткаруу органы, тагыраак айтканда мүдүрү/башчысы жайгашкан жер.
Кээде юридикалык жакты издеп бир дарек боюнча барсаң – ал жок. Мындай көрүнүш төмөнкүдөй себебтерден улам келип чыгышы мүмкүн:
Мындай жагдайда юридикалык жакты эмне күтүшү мүмкүн?
Каттодон өтүп коюп, бирок эч кандай иш жүргүзбөгөн уюм салык органынын демилгесинин негизинде соттун чечими менен ликвидация болушу толук ыктымал.
Ал эми өзгөрүлгөн дареги туурасында маалыматты өз убагында юстиция органына кабарлабаган ЖЧК, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 297-статьясына ылайык, 500дөн 1000 сомго чейинки өлчөмдөгү айып пулга жыгылат. Себеби Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө» мыйзамы боюнча юридикалык жак дареги өзгөргөнү туурасында каттоо органына 30 календарлык күндүн ичинде маалымдашы зарыл.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]