Жакын тууганы мурда соттолгон жаран милицияга кызматка орношо алабы?

Сүрөт / Азаттык Үналгысы

Автор: Замир Жоошев 

Суроо:

Кутман күн! Менин атам 13 жыл мурун оор кылмыш боюнча соттолгон. Ал жазасын толук өтөгөндүгүнө жана мыйзамда белгиленген мөөнөт өткөнүнө байланыштуу соттуулугу жокко чыккан. Бүгүнкү күндө мен милицияга кызматка орношсом деген каалоом бар. Мындай учурда атамдын мурда соттолгондугуна байланыштуу мени жумушка кабыл алуудан баштартышпайбы?

Жооп:

Саламатсызбы! «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык милицияга кызматка орношуп, эмгектенгенди каалаган жаран төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

– ал бир гана Кыргызстандын жараны болушу керек;

– мурда бир да жолу соттолбогон болуусу шарт;

– 19 жашка толгон (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларында билим алган жана башка мамлекеттердин ушуга теңдеш окуу жайларында окуган адамдарды кошпогондо);

– Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн;

– ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык билимдерге ээ.

Берилген суроого жоопту кийинкиче жыйынтыктайбыз: өлкөбүздүн мыйзамдарына ылайык жакындарыңыздын соттолгондугу Сиздин ички иштер кызматына жумушка орношууңузга эч кандай тоосколдук жарата албайт.

Ой-пикир кошуу

кирүү