«Кынтыксыз» болбой калган судьялар кызматтарды ээлебейт

Cүрөт: Pixabay

Автор: Бекболот Касаболотов 

Адилет министрлиги, кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган мурдагы судьяларга кээ бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөнү тыюу салган мыйзам долбоорун өкмөттүн Интернет-сайтында жарыялап, коомдук талкууга койду

Бул демилге, Конституцияга ылайык, кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган адам андан ары мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө укугу жок экендигине негизделген. Ушундай эле талап «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамында көрсөтүлгөн.

Бирок, мыйзам долбооруна тиркелген негиздөө маалымдамасында белгиленгендей, кээ бир кызматтар үчүн алардын ишмердиги жана дайындоо тартиби тийиштүү адистешкен мыйзамдар тарабынан жөнгө салынгандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн чектөө аларга карата жайылтылбайт.

Мындай абалды түзөтүү үчүн Адилет министрлиги «жүрүш-турушу кынтыксыз» болбой калган мурдагы судьяларга төмөндө көрсөтүлгөн кызматтарды ээлөөгө тыюу салууну сунуш кылат:

— Акыйкатчы жана анын орун басарлары;
— Эсептөө палатасынын төрагасы жана аудиторлору;
— баш прокурор жана анын орун басарлары;
— Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү;
— аким;
— жергиликтүү кеңеш депутаты;
— шаар мэри;
— айыл өкмөтүнүн башчысы;
— Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Эскертме: Кынтыксыз жүрүш-туруш талаптарын бузуу – бул судьянын бийик наамына туура келбеген жосунсуз жорук жасоо же өнөкөткө айланып калган тартип бузууларга жол берүү.

Ой-пикир кошуу

кирүү