Кылмыш иштер күбө калыстарсыз тергелет

Автор: Замир Жоошев

Көптөрүбүзгө маалым болгондой, келе жаткан жылдын 1 январынан тартып бир катар жаны кодекстер күчүнө кирип, иштеп баштайт. Алар Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, Жоруктар жөнүндө жана Бузуулар жөнүндө кодекстер.

Талдоочулардын айтымында жаны кодекстерде дээрлик баары өзгөртүлүүгө кабылган жана ал өзгөртүүлөр системдик мүнөзгө ээ.

Ошондой өзгөртүүлөрдүн бирин атап өтсөк – жазык иши боюнча соттук өндүрүштөн «күбө-калыс» деген катышуучу таптакыр аланып салынган.

Жаны Жазык-процесстик кодекстин (ЖПК) нормаларына ылайык тергөө иштери күбө-калыстардын катышысыз өтөт. Алардын ордуна аудио- жана видео жазуучу техникалык каражаттар колдонулат. Мисалы, азыркы күндөгү ЖПКга ылайык тинтүү учурунда сөзсүз түрдө эки күбө-калыс катышат, ал эми жаны ЖПКнын талаптарына ылайык тинтүү күбө-калыстарсыз, бирок сүрөт-видео тартып алууларды пайдалануу менен ишке ашырылат.

Негизи кылмыш иштеринде күбө-калыстардын катышуусу жактоочулардын да айыптоо тарабынын да нааразычылыктарын жаратып келген десек жанылышпайбыз. Себеби адвокаттар: «күбө-калыстар көпчүлүк учурда жазык иштерин жана алар боюнча далилдерди бурмалоодо пайдаланылат», – деп эсептешет, ал эми күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болсо мыйзамдын: «кайсыл убакта жана кайсыл жерде болбосун, иштин жыйынтыгына кызыкпаган, экиден кем эмес эрезеге жеткен адамдарды таап, ошолордун катышуусу менен гана тергөө амалы өткөрүлсүн», – деген талабын аткарууда кыйынчылыктарга дуушар болуп келишет.

Ошентип жазык-процесстик мыйзамына киргизилген жаны практиканы жүзөгө ашыруу үчүн, өкмөт тергөөчүлөрдү жана ыкчам кызматкерлерди керектүү техникалык каражаттар менен камсыз кылуусу керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү