Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Сүрөт: Pixabay
Автор: Замир Жоошев
Суроо:
Франция жараны Бишкек шаарында жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) негиздеген жана анын жетекчиси катары өзүн дайындаган. Мындай учурда ал адам Кыргызстанда эмгектенүүгө уруксат кагазын алуусу керекби?
Жооп:
Өлкөбүздун мыйзамдарына ылайык Франциянын жараны Кыргызстандын аймагына эмгектенүү үчүн келген болсо, анда ал сөзсүз түрдө иштөөгө уруксат алуусу абзел. Мындай документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан берилет. Уруксат кагазы акысыз эмес, аны алууда мамлекеттик алым төлөнөт.
Токтоло кетчү дагы бир жагдай – Франция жаранын жумушка кабыл алып жаткан уюм да (ЖЧК) чет өлкөлүк жумуш күчүн тартууга уруксат алуусу зарыл. Бул документ да Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан берилет.
Чет өлкөлүк жумуш күчүн тартууга уруксат – бул уюмдарга жана жарандарга чет өлкөлүк жумуш күчүн тартууга, ошондой эле аны пайдаланууга укук берген атайын үлгүдөгү документ.
Иштоого уруксат – бул чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдырдын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенгенге же жеке ишкерлик менен алектенгенге укугу бар экенин тастыктаган атайын үлгүдөгү документ.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]