Кенже уулга карата мурас

Иллюстрациялык сүрɵт/ The Irish Times

Тексттин автору: Жибек Кенжебекова

Чоң үй бүлɵɵлɵрдɵ, ата-энелер мурасты кенже уулуна калтырарын кɵп сɵз кылышат. Эгер Кыргызстандыктын социалдык деңгээлинин орто статистикалык кɵлɵмүн карай турган болсок, анда мурастын объектиси болуп үй-бүлɵ жашаган үй эсептелинет.

Мисалга, үй-бүлɵ ападан, атадан, эки кызынан жана эки уулунан турат.

Салттуу кыргыз үй-бүлɵлɵрүндɵ мурас маселеси кандай чечилет? Атасынын же апасынын каза болгонунан кийин мурас маселеси кɵтɵрүлбɵйт. Эгер атасы да, энеси да кɵз жумса, үйдүн кожоюну болуп кенже уулу калат. Буга ата – энеси жашап жаткан учурда, мурастын кенже уулуна калат деп, ар дайым айтып жүргɵндүгү себеп. Балдар мындай учурда жалпы мурасты талашпайт.

Натыйжада каза болгон ата-эненин башка уулдары мурассыз калышат.

Ооба, ата-эненин калоосу кɵп учурда кадыр-баркка ээ, жана аткарылат. Бирок эгерде, силер ɵзүңɵрдүн мурас укугуна ээ экениңерди билсеңер, жана мыйзамдуу үлүшүн алууну кааласаңар, анда нотариуска мурас ишин ачуу жана ɵз укугунусту коргоо жɵнүндɵ арыз таштоонус абзел.

Мыйзам эмне дейт?

КР – нын Жарандык кодексинин 1142 – чи беренесине ылайык:

«Мурас калтыруучунун балдары (анын ичинде асыралып алгандар), ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси (асырап алуучулар) барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча биринчи кезекте мурастоо укугун алышат. Биринчи кезектеги мураскорлордун ичине мураскордун ал өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да кирет».

Сатыла турчу үй, каза болгон ата-энелердин бирɵɵсүнɵ катталган болуп калышы да толук мүмкүн. Мындай учурда мамлекеттик нотариуста мурас иши ачылат, баардык мураскорлор ɵз үлүшүн алуудан баш тартат, анда кенже уул мүлктүн жеке мураскоору болуп калат.

Туугандары бул ɵтүп кеткен кишилердин каалосу болорун кɵп айтышат, балким алар буга нараазы, бирок унчукпай келишет. Эгер адам мурасын, же болбосо анын бɵлүгүн бир адамга калтыргысы келсе, мураскерлерди жана мурасты кɵрсɵткɵн нотариалдык бекитилген керээз калтыруусу керек.

«Жараан өзүнүн бүткүл мүлкүн же анын бир бөлүгүн мыйзам боюнча мураскорлордун арасына кирген, ошондой эле кирбеген да бир же болбосо бир нече адамга, ошондой эле юридикалык жакка, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына керээзге калтыра алат» КР нын Жарандык кодексинин 1127-чи беренесинин 3 – бɵлүмүнɵ ылайык.

Бул норма керээздин жакын туугандарына эле эмес, башка бирɵɵлɵргɵ жазыларын дагы кɵрсɵтɵт. Муну менен мүлктүк суроолорду чечет жана үй-бүлɵдогү ички түшүнбɵстүктɵрдү жокко чыгарат.

Ой-пикир кошуу

кирүү