Кош бойлуулук = опузалоо

Иллюстрациялык сүрɵт: Pixabay

Тексттин автору: Жибек Кенжебекова

“Менин боюмда бар, мага эми үйлөнүүгө мажбурсун!”.

Көркөм тасмалардан ушундай сөздөрдү көп эле угуп жүрөбүз.

Жакында эле бир кызык консультация болуп өттү. Кардарыбыз бир жакшы тааныш эмес аял андан кош бойлуу экенин билдирип, тез арада үйлөнүүсүн талап кылып, баш тарта турган болсо өкүнүп калаарын айтып, опуза кылып жатканын баяндады.

Кардар ал айымдын кош бойлуулугунан күмөн саноодо, бирок тастыкталган учурда да бала андан эмес экенинен шек санабайт. Эмне себептен андан ойдо экенин биле албадык жана да ал жагдайды ийне жибине чейин териштирбедик.

Эгер ал айым чындыгында кош бойлуу болгон учурда да, аны менен үй-бүлө куруудан баш тартарын билдирди.

Бирок, кардар үй-бүлө куруудан баш тартканы менен төрөлө турган наристеге жардамын аябасын билдирди. Опуза кылып жаткан айым, бул жигиттин жашоосун бузуп баштаган экен:анын баардык туугандарына, досторуна, жада калса кесиптештерине чейин чалып, боюнда кылып коюп, эми эч жардамсыз калтырып, таштап кеткенин айтууда экен.

Эгер кимдир бирөө, ушундай абалга дуушар болгон болсо, же болбосо башынан өткөргүлөру келбесе, анда аягына чейин окуңуздар.

Эмне кылыш зарыл?

  1. Опуза кылып жаткан адамдын айткан сөздөрүнөн күмөн саноо.
  2. Бала сизден экенин билиш үчүн төрөлгөндөн кийин, ДНК анализи аркылуу тастыктап алсаныз болот. Аны менен бирге сиз же баланын энеси сот аркылуу аталыкты тастыктоого болот.

“Бул учурда сот төмөнкү көрүнүштөрдү дагы эске алат: социалдык жана дагы биологиялык далилдер, баланын белгилүү бир адамдан экенин тастыкттоодо тактык менен ырастоо.

  1. Бала сизден экени далилделсе да сиз баланын энесине баш кошууга мажбур эмессиз, бирок балага көмөк көрсөтүү, жардам берүү шарт.

Мыйзам кимдин тарабында?

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодекстин негизинде “Үй-бүлө куруу үчүн эки тараптуу, аял менен эркектин өз ара ыктыярдуу макулдугу жана алардын никеге жашы жеткиликтүү болушу зарыл”

Кардарды дагы бир суроо тынчсыздандырууда: “Менин уруксатымсыз, билгизбей, атасы деп жаздырып коюуга жол берилеби?”

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эгер баланын ата-энеси үй-бүлө болуп жашап келишкен болбосо, ал учурда атасынын арызы менен же соттун чечими менен атасы деп жазыла алат.

Жогоруда көрсөтүлгөн ченем боюнча, баланын энеси сизден арыз  жок болсо, анда баланын атасы деп жаздырып коюуга укугу жок, бирок сотко аталыкты аныктоо үчүн арыз киргизгенге укугу бар. Эгерде соттун чечими аял тарапка чечилип жана соттук чечим күчүнө кирген күндөн тартып, соттун актысы аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүкко атасы бар деген жазуу киргизип ала алат.

Ой-пикир кошуу

кирүү