2019-жылдан тартып кылмыш иштери козголбойт

Сүрөт: Интернет

Автор: Замир Жоошев

2019-жылдын 1-январынан тартып кылмыш ишин козгоо үчүн тергөөчү атайын токтом чыгарбайт, ал болгону Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жарандардан түшкөн арыздарды жана билдирүүлөрдү каттайт жана ошол убактан тартып тергөө иш-чараларын жүргүзөт.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри – маалыматтардын электрондук базасы, ага сотко чейинки өндүрүштүн, процесстик иш-аракеттердин башталышы, жазык иштеринин жана (же) жоруктар жөнүндө иштердин кыймылы, арыздануучулар жана жазык процесстеринин катышуучулары жөнүндө маалыматтар киргизилет.

Учурда колдонулуп жаткан Жазык-процесстик кодекске ылайык кылмыш ишин козгоо үчүн тергөөчу/прокурор өзүнчө юридикалык актыны (токтомду) чыгаруусу абзел. Бирок, жаны Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенден тартып жазык ишин козгоо стадиясы жоюлат. Жана тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн тергөөчү келип түшкөн арыз/билдирүү тууралуу маалыматты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (Бирдиктүү реестр) киргизип коюсу эле жетиштүү болот. Ушул учурдан баштап тергөө башталат.

Ошентип жаңы кодекс боюнча сотко чейинки өндүрүш келип түшкөн арыз/билдирүүлөрдү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүүдөн башталып, кылмыш ишин прокурор аркылуу сотко өткөрүү менен же болбосо ишти тергөө учурунда кыскартуу менен аяктайт.

Маалыматты Бирдиктүү реестрге киргизүүгө чейин же таптакыр киргизбей туруп кандайдыр бир тергөө иштерин жүргүзүүгө мыйзам тыюу салат.

Сотко чейинки өндүрүш башталгандыгы туурасында тергөөчү 24 саатын ичинде көзөмөл кылуучу прокурорго жана арыздын авторуна билдирүүсү шарт.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде маалыматты киргизүүнүн датасы автоматтык түрдө белгиленет жана жазык ишинин же жорук жөнүндө иштин номери ыйгарылат.

Жаңы Жазык-процесстик кодекс боюнча кандай болот? Ошонун мисалы:

Милиция кызматынын нөөмөт бөлүмүнө уурулук фактысы боюнча жарандан арыз түштү. Аталган арыз тергөөчүгө өткөрүлүп берилет, тергөөчү болсо 24 сааттын ичинде арыз жөнүндөгү маалыматты Бирдиктүү реестрге каттайт, ошол эле мөөнөттө компьютерде электрондук статистикалык картаны толтурат. Аталган картанын бир графасында кылмыш кайсыл берене боюнча баалангандыгы көрсөтүлөт. Автоматташтырылган система болсо кылмыш ишке номер ыйгарат жана ушул учурдан тартып тергөө башталат, тагыраак айтканда тергөөчү толук кандуу тергөөнү жүргүзөт: жаранды суракка алат, окуя болгон жерди карап чыгуу жүргүзөт, экспертиза дайындайт, тинтүү жүргүзөт ж.б. Бул учурда тергөөчү иштин катышуучуларына (күбөлөр, эксперттер, жабырлануучу, шектелүүчү ж.б.) алардын процессуалдык укук-милдеттерин түшүндүрүүгө жана камсыз кылууга милдеттүү.

Ой-пикир кошуу

кирүү