Ар тарабыңды этияттап кара

Сүрөт: Pixabay

Автор: Жибек Кенжебекова

Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн айдоочунун көзу жакшы көрушу өтө маанилүү экенин түшүнүшүбүз керек. Көзүнүн көрүшү алсыз айдоочу спирт же дарыга мас абалындагы коркунучтүү айдоочудан кем эмеси ачык айкын.

Тилекке каршы, бүгүнку күндо айдоочулук күбөлүктү  алгандан кийин, көп адамдар мезгил мезгили менен көзүнүн абалын текшерүүсу зарылдыгы жөнүндо унутушат эмеспи.

Биздин өлкөдөгү ар бир айдоочунун көзүнүн көрүшу курч деп так айтүүга болбос. Анткени ар бир адамдын жашы өткөн сайын көзүнүн курчтугу да алсырайт эмеспи. Ушул себептен улам, айдоочуларды текшерүүдөн өткөрүү зарылчылыгы түүлат.

Баса көрсотүүчү жагдай, биздин мыйзамдар келечектеги айдоочуларга талапкерлерди милдеттүү түрдо медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүсу керек экендигин камтыган. Бул тууралу “Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинде айтылган.

Медициналык каршы көрсөтүмдөр тизмесине ылайык, транспорт каражаттарын жана жеке транспорт каражаттарын башкаруу иштерине кабыл алууда, үч жылда бир жолудан кем эмес көз доктурдун жана башка дарыгерлердин көзөмөлүнөн отүү керектигин камтыган.

Иш жүзүндө, бул жагдай жузого ашырылган дейсизби мезгил-мезгили менен көздун абалын текшерүүдөн отүүсү?

Ал жагдай белгисиз, себеби бүгүнкү күндө айдоочунун мезгил-мезгили менен текшерүүдон отүүсу боюнча эч кандай статистикалык эсепке алуусу жүргүзүлбөй келгенинде.

Дагы бир эске сала кетүүчү нерсе, бул айдоочулук күбөлүктү алууда транспорттук каражаттарды башкарууга медициналык чектөөлөр жоктугун тастыктоочу 083 медициналык тастыкталган күбөлүктү тиркөөго тийиш. Мындай күбөлүктү алар астындагы негизги шарт бул көз  жана башка көп дарыгерлердин тастыктамаларынан отүү керек эмеспи. Бирок ар бирибизге белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо мекемелеринде парачылык мезгил орноп турган чакта мындай күбөлүктөрдү алүүда эч кандай оорчулук туулбайт. Бул болсо, Кыргызстандагы ар бир айдоочусунун жолдо жүрүүнүн коопсуздук абалына жооп берерлик көзүнүн жакшы көрүшүнөн күмон санасак болот. Мындай көрүнүш албетте, биздин жарандардын жашоосу үчүн чоң коркунуч келтирип кабатыр жаратат.

Ой-пикир кошуу

кирүү