Унаадан сак болуңуз! Унаа сүзүп кеткен учурда эмне кылуу зарыл?

Cүрөт: Pixabay

Автор: Жибек Кенжебекова

Жөө жүргүнчүнүн унаа сүзүүсүнөн камсыздандырылган эмес. Төмөндө биз айдоочунун адамды сүзгөн учурдагы абалын, жүрүм-турумун эки жол аркылуу карап өтсөк:

  1. “Жакшы айдоочу” жүрүм- туруму.

Кыргыз Республикасынын жол эрежелеринин 2.6 пунктуна ылайык: “Жол кырсыгына кабылган айдоочудан кылынган талаптар:

  1. унааны дароо токтотуп (ордунан козгобой), коркунучту эскертүү жарыктарын күйгүзүп жана эскертүү үч бурчтукту (жалт-жулт эткен кызыл жарыкты), окуяга тиешеси бар нерселерди ордунан козгобоого;
  2. жабыркаган адамга медициналык жардам келгенге чейинки жардам менен камсыз кылуу.103 номерине чалып тез жардам кызматын чакыруу, өзгөчө кырдаалдар учурунда (ар бир экинчи эсеп өз убагында көрсөтүлгөн медициналык жардам менен камсыз кылуу мааниси чоң болуп турган учурда) жабыр тарткан адамды ( адамдарды) жолдон өтүп бараткан унаалардын жардамы менен же ал болбогон учурда, өздүк унаа менен жакынкы медициналык дарылоо жайга тезинен жеткирип, аты жөнүн, транспорт каражаттын белгисин (ким экенин далилдөөчү документ же айдоочу күбөлүгүн жана транспорт каражатын каттоо жөнүндөгү документ) билдирип, кайра кырдаал болгон жерге кайтып келүү;
  3. Башка транспорт каражаттардын кыймылына жолтоо болгон учурда, жолду бошотуу. Жолду бошотууга мажбур болгон учурда же болбосо өз унаа менен жабыркаган адамды дарылоочу жайга жеткизүү учурунда, күбөлөрдүн катышуусунда транспорт каражатынын турган ордун, окуяга байланыштуу издерди жана тактарды сактап турууга бардык аракеттерди көрүү жана окуя болгон жерден башка транспорт каражаттардын айланып өтүп туруусун камсыз кылып туруусу;
  4. Окуя жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүү, күбөлөрдүн аты жөнүн, дарегин жазып калуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин келишин күтүп туруу.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бул жол кырсыктары менен жолдо жүрүү эрежелерин бузуу дайыма эле чогуу бир учурда боло бербеси. Жөө жүргүнчү туура эмес жерден чуркап чыгып же кызыл жарык күйгөн учурда өткөн кезде унаага кабылууда себеп болот.

Эгер жөө жүргүнчү күнөөсүз жерден болуп, кагуу айдоочунун жол эрежелерин бузуусунда келип чыккан болсо, анда бул башка иш. Биринчи учур боюнча, айдоочунун күнөөсү бир аз өлчөмдө аныкталган болсо, экинчи жагдай боюнча – бул кыйла даража болуп аныкталат.

Айдоочу үчүн идеалдуу жагдай бул – кырсыкка учуроо алдында жол эрежелерин бузбай келгени жана да үстүдө көрсөтүлгөн шарттар боюнча тез жардам чакыруу сыяктуу жана башка көрсөтүлгөн эрежелерди аткаруу.

“Жакшы айдоочу” эркинен ажырап калар бекен?- деген суроо туулат.

Болушу мүмкүн, ал жабыркаган адамдын ден соолугуна тийгизген зыянга жараша, анча оор эмес жаракаттан адамды өлүмгө алып келген учурлардан көз каранды.

Уландысы кийинки макалада 

Ой-пикир кошуу

кирүү