Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен учурда эмне кылуу керек?

Cүрөт: Pixabay

Автор: Жибек Кенжебекова

Өткөн саныбызда “жакшы айдоочунун” жүрүм-турумун карап өткөнбүз, ал эми азыр болсо “жаман айдоочунун” жүрүм- турумун талдап өтөбүз.

Акыркы кездерде, айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган учурда, кырсык болгон жерден качып кетүү фактылары көбөйүүдө.

Эгерде сиз өзүңүздү жоготуп койбогон абалда болуп жана физикалык абалыңыз жаракаттарга дуушар болбогон учурда, уюлдук аппаратка же башка түзүлүштөгү видео тасма тартуучу каражаттарга тартууну баштоо керек дагы, өзгөчө басымды унаанын мамлекеттик номерине, белгисине жана унаа түсүнө жасоо керек. Эгер ошол чакта мындай шарт жок болсо же уюлдук аппарат сынып кеткен болсо, анда үндү бийик чыгарып күбөлөрго кайрылуу менен ошол замат жазып баштоону суранып, айдоочуну жана унаанын белгилерин жазуучу аппаратка түшүрүүнү өтүнүш зарыл.

Айрыкча белгилүү бир адамдан суранганыныз оң болор:

“Кызыл кийимчен Эже, унаанын мамлекеттик номерин жазып алыңызчы сураныч!”, же “Байке, унаанын номерин жазып коюңузчу!”деп.Бирок андай кырдаалда сиз шок абалында болорсуз,ошол себептен өзүңүз эсиңизге сактап калбашыныз мүмкүн.Жакынкы аралыкта эч ким жок болсо, анда сиз бут майда- чуйдосуно чейин эстеп калышыңыз шарт.

“Жаман айдоочу” кээ бир учурларда токтомуш болот,ал эгер сүзүп кетпей, бир аз “жөөлөп” алган болсо, ал сизге акча сунуштап алаксытып алууга аракеттенет, бир эки миңди кармата бул окуя жөнүндө унутуп коюңузду суранып, а кээде такыр эле түшүнүү менен кабыл алып кечирип коюшун өтүнө баштайт да, сиздин сөзгө келбешиңизди көргөн айдоочу кырсык болгон жерден кетип да калат шашылыш түрдө.

Жогоруда айтылган эки учурда тең унаанын мамлекеттик номерине көңүл буруп, айдоочунун паспортун/ айдоочулук күбөлүгүн жакшылап тартып алып, бирок андай учурда “жаман айдоочу” документтерди сизге көрсөтпөй коюусу да мүмкүн.Мындай “жаман айдоочунун” сөзүнө да ишенип болбойт, ал сизге өзүнүн аты жөнүн, жашы тууралуу жана башка маалыматтарды жалган айтышы мүмкүн.

“Жаман айдоочу” кырсык болгон жерден кеткен учурда, сиздин физикалык абалыңыз мүмкүндүк берсе, 102 жана 103 номерине чалып чакыруу учурунда кырсык болгон жерди жана жөө жүргүнчүнүн унаа соккусуна кабылган боюнча маалыматтарды берүү зарыл. Башка учурда, жакынкы аралыкта жүргөн адамдарга кайрылып, жогоруда айтылып кеткендей белгилүү адамга кайрылуу жасаңыз.Ошондой эле милиция кызматкерлери келгенче кетпей туруусун сурануу, анткени ал күбө болуп баалуу маалыматтарды бериши мүмкүн.

Көрсөтүлгөн кадамдарды аткаргандан кийин гана сиз өз жакындарыңызды чакырсаныз болот.

Эми эң башкы маанилүү суроо бул ” жаман айдоочу” камакка алынабы? деген. “Жакшы айдоочу” жөнүндө айтылган учурдай эле, негизгиси бул ден-соолукка тийгизген зыяндын даражасан көз каранды болот, бирок кандай болгон учурда да жол эрежелерин бузган үчүн жоопкерчиликке тартылат.

Ой-пикир кошуу

кирүү