Ыктыярдуу патенттин негизинде жүргүзүлгөн ишмердүүлүктүн токтотулганы тууралуу салык кызмытын кабарлоо керекби?

Сүрөт: Акчабар

Автор: Ильяна Жедигерова

Суроо:

Ыктыярдуу патенттин негизинде жүргүзүлгөн ишмердүүлүктүн токтотулганы тууралуу салык кызмытын кабарлоо керекби?

Жооп:

Олкөбүздүн салык мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары күбөлүктүн негизинде иш жүргүзгөн жаран, ошондой эле патенттин негизинде иштеген жаран таанылат.

Салык кодексинин «Патенттин негизинде салык милдеттенмелерин аткаруунун жалпы шарттары», «Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык» деп аталган бөлүмдөрү жана «Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн Тартиби» патенттин негизинде иштеген жаран иш-аракетин токтотуп жатып бул туурасында салык органын кабарлашы керек деген таалапты койбойт.

Бирок, практикада, салык органынын кызматкерлери «Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө» деген Жобого шилтеме кылып ишмердүүлүгүн токтотуп жаткандыгы тууралуу арыз жазуусун ишкерлерден талап кылганын кездештирип келебиз.

Белгилеп кетсек, аталган Жободо «салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу» туурасында айтылат, тактап айтканда салык органындагы салыктык/эсептик каттоону токтотуу туурасында.

2017-жылдын февралынан баштап ыктыярдуу патент боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттин токтотулгандыгы жөнүндө маалымдоо керек деген талап жок.

Салык принциптеринин бирине ылайык документтер аркылуу тастыкталган маалыматтардын негизинде бул факты четке кагылмайынча, салык төлөөчү ак ниеттүү аракеттенди деп таанылат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, патент боюнча жүргүзүлгөн ишмердүүлүктүн токтотулганы тууралуу салык кызмытын кабарлоо керек эмес деген жыйынтыка келебиз.

Жаралган маселеге чекит коюу максатында биз Мамлекеттик салык кызматына талап-суроо жибердик.

Уландысы болот…

Ой-пикир кошуу

кирүү